Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 1-апрелиндеги №27
« Үч-Терек айыл аймагында айдап себүү, бада акысы,
сугат суу, оруп жыюу жана башка тарифтерди бекитүү жөнүндө»
Үч-Терек айыл аймагында айдап себүү, бада акы, сугат суу, оруп жыюу жана башка тарифтерди бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысы Р.Омуркановдун сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына ылайык, айылдык кеңештин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл аймагында айдап себүү, бада акы, сугат суу, оруп жыюу жана башка тарифтерди бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Р.Омуркановдун сунушу эске алынсын.
2. 2025-жылга карата Үч-Терек айыл аймагындагы Үч-Терек, Саргата айылдарында жер айдоо тарифи 1 гектар жер аянтына - 5500 сом, себүү -1800 сом, Кызыл-Ураан, Жетиген жана Такталык айылдарында жер айдоо тарифи 1 гектар жер аянтына - 6000 сом, себүү -2300 сом, Үч-Терек, Саргата, Кызыл-Ураан, Жетиген жана Такталык айылдарына бада акысы бир баш бодо малга - 700сом, бир баш жандыкка -130 сом сом болуп бекитилсин.
3. Бекитилген тарифтер боюнча иш алып баруу жагы, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы З.Кигаровага, айыл башчыларына, жайыт комитетинин адиси К.Сыргабаевке жана статист А.Карамурзаевага милдеттендирилсин.
4. Бекитилген тарифтен ашыкча төлөм алынса механизаторлорго жана бадачыларга айыл өкмөт тарабынан айып пул салынаары жана бузуулар боюнча түзүлгөн комиссияда каралып, айып пулдарынын өлчөмү көрсөтүлүп, мыйзам түрүндө чара көрүлөөрү жөнүндө тийиштүү жарандарга жана айыл тургундарына маалымат жеткирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановго милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов
|