Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 1-апрелиндеги №28
«2025-жыл ичинде Токтогул райондук Атайын фонддун эсебинен каржыланып, Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан аткарыла турган жумуштарды жана өздүк салымдарын бекитүү жөнүндө»
Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы ” мамлекеттик мекемесинин эсебинен 2025-жылы каржыланып, Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан аткарыла турган иштер жана долбоорлордун өздүк салымына жумшалуучу каражаттар боюнча сунушту бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Р.Омуркановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына ылайык, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы ” мамлекеттик мекемесинен каржыланып , Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан 2025-жылга аткарыла турган жумуштар жана өздүк салымына жумшалуучу суммалар тиркемеге ылайык бекитилсин .
2.Үч-Терек айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүүгүсүнө, анын ичинде ирригациялык тармакка, социалдык объектилердин курулуштарына, 2025-жылда Атайын фонддун каражаттарынан бөлүнүүчү акча каражаттарынын туура бөлүштүрүлүшүн камсыз кылуу жагы Байкоочу кеңештин Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү өкүлүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнун башчысы Р.Омуркановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов
|