Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 9-февралы № 110-чуа
Курулуш иштеринин сметалык наркынын инфляция деңгээлине (керектөө бааларынын индексине) негизделген өзгөрүү индекстерин эсептөө боюнча пилоттук методиканы бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 26-майындагы № 117-чуа, 2026-жылдын 22-июнундагы № 419 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Курулуш иштеринин сметалык наркын аныктоонун экономикалык негиздүүлүгүн, актуалдуулугун жана ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, бюджеттик каражаттарды пландаштыруунун сапатын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Курулуш иштеринин сметалык наркынын өзгөрүү индекстерин инфляциянын деңгээлинин (керектөө бааларынын индексинин) негизинде эсептөө боюнча пилоттук методика тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 18-майындагы № 4-чуа буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Курулуш өндүрүмүнүн наркын эсептеп чыгарууда кошумча чыгымдардын өлчөмүн эсептеп чыгуунун тартиби жөнүндө усулдук көрсөтмөлөргө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 4.4-пунктундагы «базалык-индекстик ыкма» деген сөздөрдөн кийин «инфляцияны эске алуу менен» деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Курулуштагы сметалык пайданын өлчөмүн аныктоо боюнча усулдук көрсөтмөлөргө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 4.4-пунктундагы «базалык-индекстик ыкма» деген сөздөрдөн кийин «инфляцияны эске алуу менен» деген сөздөр менен толукталсын;
3) жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында курулуштун наркын аныктоочу усулдук көрсөтмөлөргө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 2.3-пунктундагы «базалык-индекстик ыкма» деген сөздөрдөн кийин «инфляцияны эске алуу менен» деген сөздөр менен толукталсын;
– 3.27-пунктундагы «базалык-индекстик ыкма» деген сөздөрдөн кийин «инфляцияны эске алуу менен» деген сөздөр менен толукталсын;
– 3.30-пунктундагы «базалык-индекстик ыкма» деген сөздөрдөн кийин «инфляцияны эске алуу менен» деген сөздөр менен толукталсын;
– 3.30-пунктундагы «учурдагы жана болжолдуу индекстер системасы» деген сөздөр «сметалык нарктын өзгөрүүсүнүн расмий индекстери жана инфляция көрсөткүчтөрү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 3.32-пунктундагы «базалык-индекстик ыкма» деген сөздөрдөн кийин «инфляцияны эске алуу менен» деген сөздөр менен толукталсын;
– 4.102-пунктунун Эскертүүсүндө «базисттик-индекстик ыкма менен» деген сөздөрдөн кийин «инфляцияны эске алуу менен» деген сөз менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 48-чуа буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3-1. Ушул буйруктун 1-пунктунда бекитилген Эсептөө методикасы Бишкек шаарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында жолдордун бардык түрлөрүн курууга, реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого жайылтылбайт.
Бишкек шаарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында жолдордун бардык түрлөрүн курууда, реконструкциялоодо жана капиталдык оңдоодо 2023-жылдан 2025-жылга чейинки мезгил үчүн инфляциянын деңгээлинин (керектөө бааларынын индексинин) негизинде курулуш иштеринин сметалык наркынын өзгөрүү индекстеринин суммалык эсептөөлөрү колдонулат.
Бишкек шаарынын аймагында жолдордун бардык түрлөрүн курууга, реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого салыктарды эске алуу менен асфальтбетондун түрлөрүнө төмөнкүдөй баа белгиленсин:
- асфальтбетон аралашмалары (кадимки) - 7600 сом/т;
- шагылдуу-мастикалуу асфальтбетон (ШМА) - 8800 сом/т.
(Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 22-июнундагы № 419 буйругунун редакциясына ылайык)
4. Лицензиялоо жана сертификациялоо башкармалыгы:
1) ушул буйруктун расмий жарыяланышын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтому менен белгиленген тартипте камсыз кылсын;
2) ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрүн эки нускада кагаз жана электрондук түрдө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басары С.Э. Джантелиевге жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Министр | Н.К. Орунтаев |