Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 30-январы № 05/2-17/23
Суу берүү келишиминин формасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 41-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын Тизмесинин 13-пунктунун 32-пунктчасына ылайык, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” Жобонун 14-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Суу берүү келишиминин формасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Министрликтин суу саясаты жана ичүүчү суу менен камсыздоо башкармалыгы:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, анын жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, аталган буйруктун жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрликтин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрдин м.у.а., министрдин биринчи орун басары |
|
Ж.К. Керималиев |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары,
айыл чарба жана кайра иштетүү
өнөр жайы министрлигинин
2026-жылдын 30-январындагы
№ 05-2/17/23 буйругуна
тиркеме
формасы
Суу берүү КЕЛИШИМИ №___
_____________а/ш. «____» ____________20___-ж.
Бир тараптан мындан ары «Буюртмачы» деп аталып жана __________________________ негизинде аракеттенүүчү
Суу пайдалануучу __________________________________________________
(жеке же юридикалык жактын аталышы жана дареги)
атынан____________________________________________________________
(кызмат орду)
__________________________________________________________________
(Ф.А.А.)
экинчи тараптан мындан ары “Суу берүүчү” деп аталып, суу берүүнү ишке ашыруучу мамлекеттик суу чарба уюму (ишкана)
____________________________________________________________________________________________________________________________________
(уюмдун аталышы) атынан
__________________________________________________________________
(кызмат орду)
__________________________________________________________________
(Ф.А.А.)
төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Суу берүүчү Буюртмачыга сууну ушул келишимдин 1-тиркемесиндеги суу берүүгө ведомость-өтүнмөгө көрсөтүлгөн көлөмдө жана 2-тиркемесиндеги каналдарга суу берүү чекиттеринин тизмесине ылайык берет;
Сууну өсүмдүктөрдү сугаруу максатында пайдаланган учурда ушул Келишимдин 3-тиркемесине ылайык себүү планы түзүлөт.
1.2. Өсүмдүктөрдү сугаруу үчүн Буюртмачы Суу берүүчүнүн суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр (мындан ары – кызмат) үчүн бекитилген тарифке ылайык ушул Келишимдин 4-тиркемесинде каралган сметалык-финансылык эсептөөлөргө ылайык суунун көлөмү боюнча же гектардык негизде жылына____________ миң сом сумманы төлөйт.
Өнөр жай, чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу, балык чарбасы ишмердүүлүгү, отун-энергетика комплекси секторлоруна жана экономикалык ишмердүүлүктүн башка секторлоруна суу жеткирүү үчүн бекитилген тарифке ылайык ушул Келишимдин 4-тиркемесинде каралган сметалык-финансылык эсептөөлөргө ылайык суунун көлөмү боюнча жылына____________ миң сом сумманы төлөйт.
Сметалык-финансылык эсептөөлөр ушул келишимдин 6-тиркемесинде көрсөтүлгөн сууну кабыл алуу – берүү актысынын негизинде түзүлөт.
Белгиленген тармактык тарифке КНС жана башка кошумча салыктар кошулган эмес.
1.3. Тараптар ортосунда макулдашылган сууну берүү суу булактарынын молдуулугун, сууга эсептик лимиттерди, сугаруу режимдерин жана каналдардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен белгиленет.
1.4. Суу объектисинде суунун жетишсиздиги болгон учурда Буюртмачыга суу берүү ушул булактан бардык суу пайдалануучулардын пландуу суу берүү суммасынын бекитилген пайыздык үлүшүнүн (лимитинин) чегинде жүргүзүлөт.
Буюртмачыга берилбеген суунун көлөмү суу объектисинин молдуулугу көбөйгөндө Тараптар макулдашкан мөөнөттө компенсацияланышы мүмкүн. Тараптар булактардагы суунун тартыштыгын биргелешкен коммерциялык тобокелдик чөйрөсүнө киргизүүгө макул.
Суу тартыштыгынан келип чыккан зыяндын ордун толтурууга байланыштуу дооматтар Тараптар тарабынан коюлбайт.
1.5. Сугат булактарында суу ашыкча болгон учурда Буюртмачыга пландан ашыкча суу берүү Буюртмачынын өтүнмөсү боюнча башка суу пайдалануучулардын укуктарын кемсинтпестен ишке ашырылышы мүмкүн.
Пландан ашыкча суу берүү эки эселенген өлчөмдө төлөнөт.
1.6. Мелиоративдик жактан ыңгайсыз жерлерге пландан ашыкча суу берүүгө тыюу салынат.
2. Тараптардын милдеттери
2.1. Буюртмачынын милдеттери
– зарыл болгон учурда ишеним кат берүү менен Суу берүүчүдөн суу алууга жооптуу адамды дайындоо;
– түзүлгөн келишимге суу берилгенге чейин бир айдан кечиктирбестен Суу берүүчү менен макулдашылган суу пайдалануу планын жана ошондой эле сууну сугаруу үчүн пайдаланууда – себүү планын тиркөөгө;
– декада башталганга чейин үч күн мурда Суу берүүчүгө суу алууга өтүнмө берүүгө. Өтүнмөлөрдү бербөө декадага карата Буюртмачынын суудан баш тартуусу болуп саналат;
– суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөнү өз убагында жүргүзүүгө, суу берген учурга карата төлөгөндүгү жөнүндө маалыматтарды (квитанция, чек ж.б.) Суу берүүчүгө берүүгө;
– Суу берүүчү менен бирдикте сугат булактарынын молдуулугунун божомолун жана белгиленген лимиттерди эске алуу менен суу берүүнүн көлөмүн өзгөртүү бөлүгүндө суу пайдалануунун чарбалык планына ыкчам оңдоп-түзөөлөрдү жүргүзүүгө;
– Суу берүүчү менен бирдикте Буюртмачыга суу бөлүп берүү чекитиндеги сууну эсепке алуу пунктунун сакталышын камсыз кылууга;
– суу берүүгө зарыл ыкчам өзгөртүү киргизилген учурда (канал боюнча сууну бир суу бөлүп берүү чекитинен экинчиге которгондо) Суу берүүчүгө кеминде бир сутка мурун, жалпы система боюнча суу берүү өзгөрүлгөндө кеминде үч сутка мурда (же суу бөлүп берүү чекитине чейин суунун жетүү убактысын эске алуу менен) кабарлоого;
– суу бөлүштүрүүнүн технологиялык тартибин катуу сактоого, сууну өз алдынча басып алуу учурларына жана суу берүүнүн көлөмүн жөнгө салууга жол бербөөгө.
2.2. Суу берүүчүнүн милдеттери
– ушул келишимдин шарттарында каралган мөөнөттөрдө макулдашылган суу бөлүп берүү чекиттеринде Буюртмачыга суу берүүгө;
– Буюртмачы менен макулдашуу боюнча суу берүүнүн мөөнөттөрүн жана көлөмдөрүн аба ырайынын шарттарын, булактардын молдуулугун эске алуу менен же башка өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу ыкчам оңдоп-түзөөгө;
– сууну эсепке алуу пункттарын жабдууга жана сууну өлчөөнүн техникалык каражаттарынын ишинин ишенимдүүлүгүн жана ченемдик тактыгын камсыз кылууга, гидропосттордун тарирлөөсүн жүргүзүүгө жана алардын сакталышын камсыз кылууга;
– сууну эсептөө пункттарынын градуировкасынын маалыматтарын Буюртмачыга берүү (координаттар таблицасынын көчүрмөсү).
3. Суу берүү жана кабыл алуу тартиби
3.1. Буюртмачыга суу берүү үчүн негиз болуп эсептешүү декадасы башталганга чейин үч суткадан кечиктирилбестен Буюртмачы тарабынан Суу берүүчүгө берилген жазуу жүзүндөгү өтүнмө жана суу берген учурга карата Буюртмачы тарабынан берилген толук төлөгөндүгү жөнүндө документ (квитанция, чек ж.б.) эсептелет;
3.2. Сууну кабыл алуу-берүү ушул Келишимдин 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик суу чарба системаларынан макулдашылган бөлүп берүү чекиттеринде ишке ашырылат.
3.3. Сууну кабыл алуу-берүү сууну эсепке алуу пункттарында Суу берүүчүнүн жана Буюртмачынын расмий ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн биргелешкен байкоолорунун жыйынтыктарынын негизинде ишке ашырылат.
3.4. Байкоолор өз ара макулдашылган мөөнөттө, бирок суткасына эки жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Сууну эсепке алуу пункттары автоматташтырылган өзү жазуучу приборлор же эсептегичтер менен жабдылган учурда байкоо жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү приборлордун паспорттору боюнча, бирок беш суткада бир жолудан кем эмес белгиленет.
3.5. Байкоолордун натыйжалары ушул Келишимдин 7-тиркемесинде көрсөтүлгөн сууну кабыл алуу-берүү журналында бир эле учурда белгиленет, анын бири Буюртмачыда, экинчиси – Суу берүүчүдө болот.
Эгерде Тараптардын биринин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн бири байкоо жүргүзүү жана сууну кабыл алуу-берүү үчүн белгиленген мөөнөттө келбесе, экинчи Тараптын өкүлү жүргүзгөн байкоолордун натыйжалары мындан ары талашууга жатпайт.
3.6. Сууну эсепке алуу каражаттары убактылуу жок болгон же иштен чыккан учурда байкоолор эки Тарап макулдашкан ченемдик методика боюнча эң жөнөкөй өлчөө каражаттары менен жүргүзүлөт.
3.7. Буюртмачы сууну кабыл алуу-берүү актысын тариздөөдөн негизсиз баш тарткан учурда Суу берүүчү чыр-чатак чечилгенге чейин суу берүүнү бир тараптуу тартипте токтотууга укуктуу.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
4.1. Эгерде Суу берүүчү өзүнүн күнөөсү боюнча (суунун тартыштыгы жана форс-мажордук жагдайлар менен байланышпаган учурларда) Буюртмачыга пландык көлөмдү же лимиттик үлүштү берүүнү камсыз кылбаса, ал кийинки декаданын ичинде берилбеген суунун көлөмүн Буюртмачыга компенсациялоого милдеттүү.
4.2. Буюртмачы суу чарба системаларына зыян келтирген аракеттер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
4.3. Буюртмачы сууну өз алдынча буруп алган же тиешелүү актылар менен белгиленген суу берүүнүн макулдашылган өлчөмүнөн ашырып жиберген учурда Суу берүүчү бузуу фактысы белгиленген учурдан тартып Буюртмачы тарабынан ашыкча суунун көлөмү толук компенсацияланганга чейин суу берүүнү азайтат же токтотот.
Буюртмачы бузуу актысын макулдашуудан баш тартса, Суу берүүчүнүн өкүлдөрү тарабынан кол коюлган акт юридикалык күчкө ээ болот.
4.4. Ушул Келишимде белгиленген милдеттенмелерди, ошондой эле жоопкерчиликти чектөө жөнүндө Тараптардын макулдашуусун бузгандыгы үчүн санкцияларды көрсөтүүдөн баш тартууга, эгерде мыйзам тарабынан анын өлчөмү так аныкталса, жол берилбейт.
4.4. Ушул Келишимде белгиленген милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн санкцияларды колдонбоодон баш тартууга, ошондой эле жоопкерчиликтин өлчөмү мыйзамдарда так аныкталган учурда, Тараптардын жоопкерчиликти чектөө жөнүндө макулдашуусуна жол берилбейт..
4.5. Суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм кечиктирилген учурда Буюртмачы кечиктирилген ар бир күн үчүн төлөнбөгөн сумманын 0,5% өлчөмүндө туум төлөйт.
Тараптардын макулдашуусу боюнча ушул Келишимде каралган жалпы сумманын 30% ынан ашпаган продукцияларды же кызматтарды утурлама берүү жолу менен өз ара эсептешүү мүмкүнчүлүгүнө жол берилет.
4.6. Ушул Келишимдин шарттарын аткарбоо же бузуу ушул Келишимдин 6.1-пунктунда көрсөтүлгөн чараларды колдонууга алып келет.
5. Талаш-тартыштарды чечүү
5.1. Ушул Келишимди түзүүдө жана аткарууда келип чыккан талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
5.2. Суу берүүчүнүн жана Буюртмачынын кызматкерлеринин ортосундагы пикир келишпестиктер суу чарба уюмунун жетекчилери жана суу пайдалануучу тарабынан каралат, алар ушул максаттар үчүн тиешелүү комиссияларды түзө алышат.
5.3. Пикир келишпестиктерди сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү мүмкүн болбогондо, алар мыйзамда белгиленген тартипте сотто каралууга тийиш.
6. Кошумча шарттар
6.1. Бул Келишимди аткаруудан бир тараптуу баш тартууга же анын шарттарын бир тараптуу өзгөртүүгө жол берилбейт.
Келишимди өзгөртүү же бузуу тараптардын макулдашуусу боюнча жүргүзүлөт. Келишимди бузууга же анын шарттарын өзгөртүүгө ниеттенген Тарап бул жөнүндө экинчи Тарапка он беш күндөн кечиктирбестен билдирүүгө милдеттүү.
Экинчи тарап Келишимдин шарттар бузуу же өзгөртүү жөнүндө сунушту алгандан кийин он күндөн кечиктирбестен жооп берүүгө милдеттүү.
Он күндүк мөөнөттө жооп берилбесе, келишим бузулду деп эсептелет. Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууга ниеттенген тарап экинчи Тарапка Келишимдин калган суммасынын 100% өлчөмүндө айып төлөмдү төлөөгө милдеттенет.
6.2. Өткөн жылдагы суу берүү боюнча кызматтар үчүн Буюртмачыда карызы болсо, же 3 айдан ашуун кызматтар үчүн акы төлөбөсө, Суу берүүчү суу берүүнү токтото алат.
6.3. Форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда (өрт, суу ташкыны, жер титирөө, иш таштоо, козголоң, жарандык толкундоолор, кургакчылык жана суунун азаюусу) макулдашылган жеткирүү мөөнөттөрү бул жагдайлар күчүндө турган мезгилге, бирок бул жагдайлар ушул Келишимдин же анын бир бөлүгүнүн шарттарын аткарууга түздөн-түз таасир эткенге чейин узартылат.
6.4. Суу берүүчү форс-мажордук жагдайлардын башталышы жана аякташы жөнүндө Буюртмачыга токтоосуз, бирок 5 күндөн кечиктирбестен билдирет.
7. Келишимдин колдонуу мөөнөтү
7.1. Бул келишим _______жылдык мөөнөткө түзүлөт жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
7.2. Келишимге кол коюлгандан кийин тараптардын ортосундагы ушул Келишимге карата бардык алдын ала макулдашуулар, талкуулар жана корреспонденциялар күчүн жоготту деп табылат.
7.3. Бул келишим эки нускада, ар бир тарапка бирден түзүлдү жана бирдей юридикалык күчкө ээ.
8. Тараптардын юридикалык даректери
Буюртмачы: |
| Суу берүүчү: |
__________________________ «_____»
___________________ МО |
|
Дареги: ______________________ ИУЖК: Банк: БИК: Эсепешүү эсеби: Жетекчи ____________________ МО |
№ _____ _______ Келишимге 1-тиркеме
_________ жылга суу берүүгө ______________________________
(суу пайдалануучунун аталышы)
ВЕДОМОСТЬ-ӨТҮНМӨ
Көрсөткүчтөр | Өлчөө бирдиктери | Январь | Февраль | Март | Апрель | Май | Июнь | ||||||||||||
I | II | III | I | II | III | I | II | III | I | II | III | I | II | III | I | II | III | ||
Чыгым | л/сек |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Декададагы агым | миң м3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Өсүү менен агым | миң м3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Көрсөткүчтөр | Өлчөө бирдиктери | Июль | Август | Сентябрь | Октябрь | Ноябрь | Декабрь | ||||||||||||
I | II | III | I | II | III | I | II | III | I | II | III | I | II | III | I | II | III | ||
Чыгым | л/сек |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Декададагы агым | миң м3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Өсүү менен агым | миң м3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Суунун жалпы көлөмү ________________________ миң м3
Буюртмачы: Ф.А.А______________________________________________ колу
№ _____ ________ Келишимге 2-тиркеме
_______________________________ каналдарына
(суу пайдалануучунун аталышы)
суу берүү чекиттеринин тизмеси
Мамлекеттик суу чарба системаларынын каналдарынын аталышы | Суу пайдалануучунун каналдарына суу берүү чекиттеринин аталышы | Суу берүү чекитиндеги каналдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү, м3/сек |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Суу берүүчү: Ф.А.А________________ колу
МО
Буюртмачы: Ф.А.А________________ колу
№ _____ ______ Келишимге 3-тиркеме
Себүү планы
Өсүмдүктөрдүн аталышы | Аянты, га |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Суу берүүчү: жетекчинин Ф.А.А________________ колу
МО
Буюртмачы: Ф.А.А________________ колу
№ _____ ______ Келишимге 4-тиркеме
Суу берүү боюнча
кызмат көрсөтүүлөрдүн сметалык-финансылык эсеби
(гектардык негизде)
Суу пайдалануучу ______________________________________
№ | Өсүмдүктөрдүн аталышы | Аянты, га | Тариф, 1 гектарга 1 сугаруу үчүн сом | Берилген суунун наркы, миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Суу берүүчү: жетекчинин Ф.А.А________________ колу
МО
Буюртмачы: Ф.А.А________________ колу
Суу берүү боюнча
кызмат көрсөтүүлөрдүн сметалык-финансылык эсеби
(көлөмдүк негизде)
Суу пайдалануучу ______________________________________
Иш жүзүндө берилген суу | 1м3 суу үчүн тариф, тыйын | Берилген суунун наркы, миң сом | |
Суу берүүнүн мөөнөтү | Суу берүүнүн көлөмү, миң м3 | ||
1-кв. |
|
|
|
2-кв. |
|
|
|
3-кв |
|
|
|
4-кв |
|
|
|
Бардыгы: |
|
|
|
Суу берүүчү: жетекчинин Ф.А.А________________ колу
МО
Буюртмачы: Ф.А.А________________ колу
№ _____ ______ Келишимге 5-тиркеме
Акт
сууну кабыл алуу – жеткирүү үчүн
______________________________________________________
чарбанын аталышы, сууу пайдаланучунун аты жөнү
_______________________________________________________________________________
каналдын аталышы
________ декадасы ____________а. 20______ж.
Сугат сууну кабыл алуу-берүү журналынын негизинде суу пайдалануучуга_________мин.м3 суу берилди
Тариф 1 сугат үчүн____________сом, 1 га/1м3 үчүн_____________
(керектүүсүн белгилөө керек)
Суу берүү көлөмүнө ылайык суунун көлөмү ________ миң м3.
сугаруунун режими жана сугаруунун нормасы боюнча __________га га түзөт.
Тариф боюнча ___________ сом
Төлөм суммасы____________________ сом
Пландан тышкары берүү ___________ миң м3
Төлөм суммасы____________________ сом
Жалпы төлөнүүчү ____________________ сом
Суу берүүчү: жетекчинин аты-жөнү __________________________________
колу ________________________
МО
Суу пайдалануучу: аты-жөнү __________________________
колу ______________________________________
№ _____ _______Келишимге 6-тиркеме
_________________________ суу пайдалануучуга сууну берүү-кабыл алуужурналысугаруу булагы ___________________ 20___-жылдын ___________айынын ______ декадасы
Датасы |
| Байкоо | Бөлүп берүү тобу боюнча суммардык чыгым, м3/сек | Колдор | ||||||||||||
бөлүшү | бөлүшү | бөлүшү | бөлүшү | РСЧБнын өкүлүнүн | Суу пайдалануучунун | |||||||||||
Рейка боюнча эсеп, см | Түзөтүүнү эске алуу менен деңгээл | Чыгым, л/с | Рейка боюнча эсеп, см | Түзөтүүнү эске алуу менен деңгээл | Чыгым, л/с | Рейка боюнча эсеп, см | Түзөтүүнү эске алуу менен деңгээл | Чыгым, л/с | Рейка боюнча эсеп, см | Түзөтүүнү эске алуу менен деңгээл | Чыгым, л/с | |||||
| эртең менен |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
кечинде |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
орточо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
эң кичине |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Датасы |
| Байкоо | Бөлүп берүү тобу боюнча суммардык чыгым, м3/сек | Колдор | ||||||||||||
|
|
|
| РСЧБнын өкүлүнүн | Суу пайдалануучунун | |||||||||||
Рейка боюнча эсеп, см | Түзөтүүнү эске алуу менен деңгээл | Чыгым, л/с | Рейка боюнча эсеп, см | Түзөтүүнү эске алуу менен деңгээл | Чыгым, л/с | Рейка боюнча эсеп, см | Түзөтүүнү эске алуу менен деңгээл | Чыгым, л/с | Рейка боюнча эсеп, см | Түзөтүүнү эске алуу менен деңгээл | Чыгым, л/с |
|
|
| ||
| эртең менен |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
кечинде |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
орточо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
эң кичине |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Орточо орто-декадалык чыгым, м3/сек |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Орточо чыгым боюнча агым, миң м3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Эң кичине чыгым, м3/сек |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Эң кичине чыгым боюнча агым, миң м3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Суу пайдалануучу __________________________________________
Суу жеткирүүчүнүн өкүлү _______________________________________
Сугарылды ______________га
Эсептеди
Текшерди