Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 29-декабры № 1155-т
2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен облусунда "Региондук экономикалык өнүктүрүү" экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну "Агроазык-түлүк кластерлерин чыңдоо" деген 2-компонентин ишке ашыруу бөлүгүндө ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 102-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта:
- 1-пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд менен" деген сөздөр "Мамлекеттик финансылык холдинг" ачык акционердик коому (мындан ары - "Мамфинхолдинг" ААК) менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондго" деген сөздөр "Мамфинхолдинг" ААКка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген "Баткен облусунун өндүрүүчүлөрү үчүн айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө товардык кредит жана грант" долбоорунда:
1-главада:
төртүнчү сап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Долбоорго катышуунун шарттары | 1. Кошумча нарк чынжырчасына (үзүрлүү өнөктөштүк) катышуу. 2. Кошумча нарк чынжырчасынын ичиндеги өнөктөштөрдүн ортосунда Үзүрлүү өнөктөштүк жөнүндө келишимдин (контракттын) болушу. 3. Айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө товардык кредит алуучулардын категориялары үчүн төмөнкүлөр милдеттүү шарттар болуп саналат: - айыл чарба продукциясын өстүрүү, көбөйтүү, кайра иштетүү, жеткирүү үчүн жер участокторунун болушу (менчикте же ижара шартында); - Кыргыз Республикасынын резиденти болуу; - Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддо талаптагыдай каттоодон өтүүсү; - зайымчынын мурда берилген бюджеттик кредиттер боюнча карызынын жоктугу; - зайымчынын салыктарды, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондго чегерүүлөрдү жана бюджетке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын жоктугу; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун ченемдерине ылайык стартап-долбоорлорду ишке ашыруучу субъект болуу |
";
алтынчы сап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Үлүштүк грант | Долбоордун каражаттарынын эсебинен товардын наркынын 25%ы төмөнкү максаттарга: - айыл чарба, ирригация, сугаруу жана атайын техникаларын, айыл чарба багытындагы автотранспорт каражаттарын, айыл чарба продукциясын сорттоо, кайра иштетүү жана таңгактоо жабдууларын сатып алууга, ошондой эле курулуш материалдарын, соода-логистикалык борборлорду, кайра иштетүү ишканаларын куруу үчүн зарыл болгон курулуш материалдарын, жабдууларды сатып алууга; - жамгырлатып-тамчылатуу системасынын инфраструктурасын орнотууга; - жогорку өндүрүмдүү асыл тукум айыл чарба жаныбарларын жана вируссуз негизде мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалдарын сатып алууга |
";
- 2-главанын экинчи сабында "10000000 (он миллион)" деген сөздөр "15000000 (он беш миллион)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |