Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 19-февралы № 32
Турак имараттар жана жайлары үчүн ставканын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 379-беренесине ылайык турак имараттар жана жайлары үчүн ставканын өлчөмүн бекитүү боюнча, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Токтосун кызы Зубайданын маалыматын угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379-беренесине ылайык турак имараттар жана жайлары үчүн ставканын өлчөмү, Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын сунушу боюнча 1 чарчы метр үчүн 15 (он беш) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |