Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 19-февралы № 33
“Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасы аркылуу Айыл Банк ААК Өзгөн филиалынан “Lovol GV100” үлгүсүндөгү дан оруучу комбайнды лизингке алуу жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасы аркылуу Айыл Банк ААК Өзгөн филиалынан “Lovol GV100” үлгүсүндөгү, баасы 70 000 (жетимиш миң) АКШ долларлык дан оруучу комбайнды лизингке 6% менен 7 жылдык мөөнөткө алуу сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасы аркылуу Айыл Банк ААК Өзгөн филиалынан “Lovol GV100”үлгүсүндөгү, баасы 70 000 (жетимиш миң) АКШ долларлык дан оруучу комбайнды лизингке 6% менен 7 жылдык мөөнөткө алууга макулдук берилсин.
2. Өздүк салым, камсыздандыруу жана башка чыгымдары бардыгы биригип 1 965 300 (бир миллион тогуз жүз алтымыш беш миң үч жүз сом) Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн эсебинен “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын атынан Айыл Банктын эсептик счетуна салынсын.
3. Алынып жаткан техника камсыздандыруу уюмдарында лизингтин бүт мөөнөт ичинде камсыздандырылсын.
4. Айыл Банк жана “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасы ортосунда түзүлүүчү лизинг келишимдеринин шарттарын жана лизинг боюнча төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү шарттарын аткарылышын кепилдик берүү максатында Кара-Шоро айыл өкмөтү кепилдик берүүчү болуп дайындалсын.
5. Жогоруда көрсөтүлгөн пунктардын аткарылышы, техниканын сатуучусу жана Айыл Банк менен түзүлө турган келишимдер, ошондой эле лизинг жана кепилдик келишимдерге кол коюу милдети “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Токторбай уулу Бекзат жана Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Сатыбалдыев Равшанбек Раимбековичке милдеттендирилсин.
6. Лизингти алуу боюнча тиешелүү финансылык жана юридикалык иш кагаздарын даярдап тапшыруу жумуштары Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Токтосун кызы Зубайда жана юристи Маматбек уулу Мелиске милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмдө калтырамын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |