Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 19-февралы № 34
“Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кара-шоро айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга көрсөтүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат-сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүү максатында. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Чалк-Өйдө, Какыр айылдарында өткөн элдик жыйындарынын, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн аппараттык кеңешмесинин жана №22 М.Кулуев атындагы орто мектебинин кесиптик бирлик уюмунун Ардактуу атуул наамын берүү боюнча протоколдору менен таанышып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Чалк-Өйдө, Какыр айылдарында өткөн элдик жыйындарынын, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн аппараттык кеңешмесинин жана №22 М.Кулуев атындагы орто мектебинин кесиптик бирлик уюмунун Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү сунуштары бекитилсин.
2. -Бопоев Адылбек Токтомаматович,
-Токтосунова Гулжан Нурмаматовна,
-Кадырбеков Замирбек Капарович,
-Ташматова Букадича Акыевна
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” деп аталсын.
3. -Бопоев Адылбек Токтомаматовичке,
-Токтосунова Гулжан Нурмаматовнага,
-Кадырбеков Замирбек Капаровичке,
-Ташматова Букадича Акыевнага Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” деген эстелик белги тапшырылсын.
4. Токтомду аткарууга алуу жагы, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |