Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 19-февралы № 35
“Кара-Шоро айыл аймагынын Какыр айылындагы кичи футбол аянтчасына ат коюу жана тариф бекитүү жөнүндө”
Кара-шоро айылдык кеңеши, Какыр айылындагы кичи футбол аянтчасына Какыр айылында жашап өткөн Бапы уулу Кадырбектин ысымын коюу боюнча Какыр айылынын жашоочуларынын 2025-жылдын, 14-февралындагы элдик жыйындын протоколун карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Какыр айлындагы Кичи футбол аянтчасына Какыр айылында жашап өткөн Бапы уулу Кадырбектин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Кичи футбол аянтчаны окуу процеси жүрүп жаткан учурда мектеп окуучулары пайдаланат. Саат 18:00дөн 22:00 гө чейинки убакытта айыл тургундары үчүн 300 сомдон башка айыл тургундарына 600 сомдон төлөм алууга тариф бекитилсин.
3. Төлөмдөрдөн түшкөн акча каражаты, “Бапы уулу Кадырбек” атындагы фондко төгүлсүн, түшкөн акча каражаты кичи футбол аянтчасынын ремонт иштерине жумшалсын.
4. Кичи футбол аятчасынын сапаттуу узак мөөнөткө кызмат кылуусун камсыздоосун көзөмөлгө алуу жана тейлөө жагы Кадырбековтордун үй бүлөөсүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Шоро айылдык кенешинин “Мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| З.Кадырбеков |