Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 19-февралы № 37
Ак-Жар айылынын тургуну Карагулов Нурсултандын арызы жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши, Карагулов Нурсултандын Большевик айылынын Ак-Тилек участкасындагы турак жай салуу үчүн берилген жер тилкесинин жанынан, бош жаткан 0,02 га жер аянтына эт сатуучу дүкөн курууга ижарага алуу арызын карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Большевик айылынын Ак-Тилек участкасындагы Карагулов Нурсултандын турак жай салуу үчүн берилген жер тилкесинин жанынан, муниципалдык менчиктеги бош жаткан 0,02 га жер аянтына эт сатуучу дүкөн курууга (жеңил курулма) Карагулов Нурсултанга ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Кыска мөөнөттүү келишим түзүү жагы өкмөт башчы Р.Сатыбалдыевке сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Кадырбеков |