Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 39
Ак-Жар жана Большевик айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө.
Кара-Шоро айылдык кенеши Ак-Жар жана Большевик айылынын тургундарынын 2021-жылы салынып башталган турак жайлары жер мунапысына кирбей калгандыгы боюнча арызын жана элдик жыйындын протоколун карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Элдик жыйындардын чечими менен 2021-жылы Элдияров Баянас, Эркинбай уулу Ислам, Жумабек уулу Бектемир, Сатыбалды уулу Уларбек жана Таалайбек кызы Айдай турак жайларынын пайдубалын кургандыктары аныкталды. Ошондуктан комиссиянын кароосуна кайрадан сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Кадырбеков |