Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 40
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылынын ген планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Ак-Жар айылынын тургундарынын арызынын негизинде Жергиликтүү кеңешинин депутаты Э.Суюнбоевтин Ак-Жар айылынын батыш тарабындагы жаңы конуштун ген планына өзгөртүү киргизүү сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылынын батыш тарабындагы жаңы конушунан Асан уулу Илгизге турак жай салуу үчүн берилген жер аянтынын жанынан жол ачуу үчүн башкы планга өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан ген планды өзгөртүү боюнча макулдашуу жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Кадырбеков |