Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 41
Кара-Шоро айыл аймагынын айыл чарба багытындагы Большевик айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлерди турак жай курууга жер аянтын которууга (трансформацияга) макулдук берүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу трансформациялоо жөнүндө» № 145 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 4-ноябрындагы № 665 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Жобого ылайык, Большевик айылындагы жашоочуларынын суроо талаптарынын негизинде, калктуу конуштарды кеңейтүү максатында, турак жай куруу үчүн жаш үй-бүлөөлөргө жер участогун берүү боюнча Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын калктуу конуштарын кеңейтүү, жаш үй-бүлөөлөрдү жер участкасы менен камсыз кылуу максатында, турак жай куруу үчүн Большевик айылынын айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлердин контур № 252 ден 0,1 га, контур № 254 төн 1,6 га, контур № 174 төн 1,2 га, контур № 170 тен 1,9 га, контур №309 дан 0,8 га, контур № 301 ден 5,1 га, контур № 299 дан 1,1 га жана контур № 304 төн 0,2 га жер аянтарын калктуу конуштардын жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынан трансформацияга сунушталган жерлердин чөйрө сызыктарын аныктап берүү жагы Кыргызгипрозем мамлекеттик ишканасынан суралсын.
3. Айыл өкмөтүнө караштуу большевик айылынан транформацияга сунушталган жерлердин башкы планын түзүп,техникалык негиздемесин даярдап берүү жагы Өзгөн рпйондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Кадырбеков |