Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 44
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолор жана өзгөртүүлөр төмөндөгүдөй киргизилсин
-орто мектеп бөлүмүнүн 3111 беренесинен -295,0 мин сом
-турак жай –коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине +295,0 мин сом
2. Токтомдун аткарылышы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |