Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 45
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн атайын каражат жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн атайын каражатка ички көчөнү асфальттоого элдин салымы үчүн (атайын каражат эсебине) түшкөн 500,0 (беш жүз миң) сомго план алууга макулдук берилсин.
2. Кошумча жеткирилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн атайын каражат эсебинин 3111 беренесине 500,0 (беш жүз миң) сом жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |