Редакцияот 24.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

2025-жылдын 24-июлу № 49

 

 

Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

        

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолор жана өзгөртүүлөр төмөндөгүдөй киргизилсин

 

- орто мектеп бөлүмүнүн 2224 беренесинен - 1350,0 миң сом

- турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине +1350,0 миң сом

 

2. Токтомдун аткарылышы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

З.Кадырбеков