Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 31
Кыймыл айылынын тургуну Акматов Болотбек Аманбаевичтин Ош-Бишкек жолунун жээгинен көрктөндүрүү, жашылдандыруу үчүн жер тилкесин сурап жазган арызы жөнүндө
“Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын 2024-жылдын 12-августундагы № А-190 сандуу маалымат катын карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат: 1. Кыймыл айылынын тургуну Акматов Болотбек Аманбаевичке Ош-Бишкек жолунун жээгинен көрктөндүрүү, жашылдандыруу үчүн жер тилкесин берүүгө макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы. 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |