Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 29-декабры № 1154-т
2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө жана уюштурууга багытталган иш-чараларды өз убагында өткөрүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 273 "Контрактты банктык коштоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону камсыз кылуу тартибинин 4-пунктунун 5-пунктчасына, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 692-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бул өзгөчөлүк 2026-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |