Редакцияот 16.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 16-майы № 44

 

Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин пайдаланышы жөнүндө

 

 

Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин пайдаланышы боюнча башкы адис Д. Сулаймановдун маалыматын угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин пайдаланышы канаттандырарлык деп табылсын.

2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнө мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

М. Тажибаев