Редакцияот 16.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 16-майы № 52

 

Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы артыкчылыктуу долбоорлор жөнүндө

 

 

Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы Красный-Маяк айылындагы спорт комплексин спорттук шаймандар менен камсыздоо жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Төрт-Көл айыл аймагындагы Красный-Маяк айылындагы спорт комплексин спорттук шаймандар менен камсыздоо долбоору артыкчылыктуу долбоор деп таанылсын.

2. Красный-Маяк айылындагы спорт комплексин спорттук шаймандар менен камсыздоо долбоору Өзгөн райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

М. Тажибаев