Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 31-декабры № 388
Транспорт каражаттарын техникалык кароону уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 22, 2026-жылдын 2-июлундагы № 248 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Жол коопсуздугун камсыз кылуу жана транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү мамлекеттик контролдоонун натыйжалуу системасын түзүү, баалардын туруктуулугуна жетишүү жана сактоо, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкү тиешелүү чөйрөлөрдөгү ишти уюштурууну, координациялоону жана мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик операторлорду аныктоо менен 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү жана жүгүртүүгө чыгаруу алдында жалгыз транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын туруктуулугуна жетишүү жана сактоо, ошондой эле сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу киргизилсин:
1) эксплуатациялоодо турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилген учурда аларды техникалык кароодон жана экспертизадан өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын «Техникалык багыттагы борбору» мамлекеттик ишканасы;
2) жүгүртүүгө чыгаруу алдында жалгыз транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 248 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан контролдоо органдарына/лабораторияларга мурда берилген транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүгө жана жүгүртүүгө чыгаруу алдында жалгыз транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоого аккредитациялоо аттестаттары 2026-жылдын 1-сентябрына чейин колдонулат деп белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 248 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитация борбору убактылуу укуктук жөнгө салуу колдонулган мезгилге контролдоо органдарына/лабораторияларга берилген транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүгө жана жүгүртүүгө чыгаруу алдында жалгыз транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоого аккредитациялоо аттестаттарынын жарактуулук мөөнөттөрүн узартууну жана берүүнү токтотсун.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 248 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
1) республиканын аймагында жүгүртүүгө чыгаруу алдында жалгыз транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо боюнча мамлекеттик сыноо лабораторияларынын тармагын түзүү жана иштетүү боюнча ишти уюштурсун;
2) ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн сыноо лабораторияларын заманбап жабдуулар менен жабдууну жана адистерди даярдоону камсыз кылсын;
3) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана башка кызыкдар органдар менен биргеликте ушул Жарлыкта каралган иш-чараларды каржылоо булактарын аныктасын;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен биргеликте жүгүртүүгө чыгаруу алдында жалгыз транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон объекттерди куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү маселесин чечсин.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 248 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
41. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) республиканын аймагында транспорт каражаттарын техникалык кароо жана эксплуатациялоодо турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилген учурда аларды экспертизалоо пункттарынын тармагын, анын ичинде мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыктын (биргелешкен иштин) негизинде түзүү жана иштөөсү боюнча ишти уюштурууну;
2) жаңы кошумча сыноо лабораторияларын түзүү жана ачуу укугусуз, ушул Жарлык күчүнө кирген күнгө карата иштеп жаткан, мурда аккредитацияланган жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (биргелешкен иштин) алкагында ишти жүзөгө ашырган жүгүртүүгө чыгаруу алдында жалгыз транспорт каражаттарынын шайкештигин балоо боюнча сыноо лабораторияларынын иштөөсүн улантууну;
3) транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү жана техникалык кароо пункттарынын тармагынын иштөөсүн;
4) транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнүн сапатын контролдоону;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго иштеп жаткан сыноо лабораторияларынын иши жөнүндө бардык зарыл болгон маалыматты, маалымдарды жана отчеттуулукту (статистиканы) өз убагында берүүнү;
6) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана башка кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте ушул Жарлыкта каралган иш-чараларды каржылоо булактарын аныктоону;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен биргеликте транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү үчүн зарыл болгон объекттерди куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү маселесин чечүүнү.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 248 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Ушул Жарлыктын 2, 3-пункттарынын жоболору төмөнкүлөргө карата колдонулбайт деп белгиленсин:
1) транспорт каражаттарын техникалык кароодон жана эксплуатациялоодо турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилген учурда аларды экспертизадан өткөрүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын «Техникалык багыттагы борбору» мамлекеттик ишканасына;
2) жаңы сыноо лабораторияларын түзүү, ачуу жана аккредитациялоо укугусуз, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын «Техникалык багыттагы борбору» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте иштөө келишиминин негизинде ушул Жарлык күчүнө кирген күнгө карата иштеп жаткан жүгүртүүгө чыгаруу алдында жалгыз транспорт каражаттарынын шайкештигин балоо боюнча сыноо лабораторияларына;
3) жүгүртүүгө чыгаруу алдында жалгыз транспорт каражаттарынын шайкештигин балоону жүзөгө ашыруу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 248 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |