Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 46 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Агенттик өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, бизнес-коомчулук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенип жүргүзөт.
4. Жөнгө салуучу өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу жактардан көз карандысыз болуп саналат.
5. Агенттик юридикалык жактын статусуна ээ, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын казыналык системасында жана банк-агенттеринде алыш-бериш, учурдагы жана башка эсептери бар.
6. Агенттиктин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик";
- расмий тилде: "Государственное агентство по защите персональных данных при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
7. Ушул Жобо Агенттиктин уюштуруу-укуктук статусун, анын максатын жана милдеттерин, функцияларын жана укуктарын, ошондой эле Агенттиктин ишин уюштурууну аныктайт.
2. Агенттиктин ишинин максаты
8. Агенттиктин негизги максаты болуп санариптик технологиялык системаларды же санариптик чөйрөдөгү башка каражаттарды пайдаланууга карабастан жеке маалыматтарды иштеп чыгууга байланыштуу жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын камсыз кылуу жана коргоо саналат.
3. Агенттиктин милдеттери
9. Агенттиктин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жазмалардын ээлери жана маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча талаптарды иштеп чыгуучулар тарабынан сактоого карата тармактык көзөмөлдөө (контролдоо) жүргүзүү;
2) жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо;
3) Кыргыз Республикасында жеке маалыматтарды коргоо менен байланышкан кырдаал жөнүндө коомчулукка маалымат берүү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Агенттикке жүктөлгөн башка милдеттерди ишке ашыруу.
4. Агенттиктин функциялары
10. Агенттик төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясат чөйрөсүндө:
- жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы илимий-техникалык жана инвестициялык программалардын жана долбоорлордун мамлекеттик заказчысынын функциясын жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин алкагында кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу;
- жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын ишке ашыруу жана коргоо, анын ичинде жеке маалыматтарды иштеп чыгууда коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик органдардын макулдашылган ишин камсыздоо;
- жеке маалыматтар менен иштөөнү укуктук жөнгө салуу, жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо, жеке маалыматтарды коопсуз иштеп чыгууну камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун, тармактык стандарттарды, техникалык шарттарды, жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү нускамаларды, ошондой эле жеке маалыматтар жаатындагы ишти жөнгө салуу боюнча техникалык актыларды иштеп чыгуу;
- коопсуздук чараларына ылайык келген жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жана жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо боюнча колдонмолорду жана сунуштамаларды жарыялоо;
- иштеп чыгуучунун жазмалардын ээси менен келишиминин жана ага ылайык иштеп чыгуучу ишке тартылган укуктук актынын типтүү (сунушталган) формаларын иштеп чыгуу жана өзүнүн сайтында жарыялоо;
2) жөнгө салуу, координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууну камсыздоо жана жеке маалыматтар чөйрөсүндө анын колдонулушуна көзөмөл жүргүзүү;
- жеке маалыматтардын, анын ичинде балдардын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга тийиштүү тобокелдиктер, ченемдер, кепилдиктер жана укуктар тууралуу жеке маалыматтар субъекттеринин кабардар болуусун жогорулатуу;
- жазмалардын ээлери жана иштеп чыгуучулар тарабынан жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталуусун текшерүү жана текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон чечимдерди чыгаруу;
- мамлекеттик органдарга жана уюмдарга жеке маалыматтарды иштеп чыгууга тиешелүү мыйзамдык жана административдик чаралар боюнча консультация берүү;
- жеке маалыматтардын ээлеринин жана иштеп чыгуучулардын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык алардын милдеттенмелери тууралуу кабардар болуусун жогорулатуу;
- жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү талаптардын сакталышына текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жеке же юридикалык жактарды аккредитациялоо;
- жеке маалыматтар субъекттерине алардын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган укуктарын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча маалымдоо, анын ичинде эгерде, бул максаттарда башка мамлекеттердин көзөмөлдөө органдары менен кызматташууну талап кылса;
- жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуу учурунда даттанууларды кароо жана текшерүүлөрдү жүргүзүү, анын ичинде өз демилгеси боюнча жана башка көзөмөлдөө органынан же башка мамлекеттик органдан алынган маалыматтын негизинде. Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
- Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун принциптерин жана эрежелерин, укуктарды жана милдеттерди бузуу фактылары боюнча алдын алуу, түзөтүү жана мажбурлоо чараларын колдонуу;
- санариптик чөйрөдө өз ара аракеттенүү маселелерин кошо алганда, жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жаатында чыр-чатактарды методикалык жөнгө салуу жана чечүү;
- жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууну тармактык көзөмөлдөө (мониторинг жүргүзүү) жана санариптик туруктуулукту камсыздоо үчүн тармактык принциптерди жана стандарттарды иштеп чыгуу/жайылтуу;
- жеке маалыматтар субъекттеринин санариптик укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жана коргоо;
- санариптик жазмаларды кармоочулардын маалыматтык системаларынын жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу талаптарына ылайык келүүсүнө экспертиза жүргүзүү (таасир этүүсүн баалоо);
- жазмалардын ээлеринин санариптик технологиялык системаларына экспертиза жүргүзүү;
- жеке маалыматтарды коргоого таасир этүүсүн баалоо талап кылынган иштеп чыгуу боюнча операциялардын тизмегин, ошондой эле маалыматтарды коргоого таасир этүүсүн баалоо талап кылынбаган иштеп чыгуу боюнча операциялардын тизмегин аныктоо;
- келип түшүүсүнө жараша маалыматтар киргизилүүчү жазмалардын ээлеринин реестрин жүргүзүү жана иши менен териштирүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө жылдык отчетту өзүнүн сайтында жарыялоо;
- чет өлкөлүк мамлекеттердеги ушуга окшош органдар менен кызматташуу;
- жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын адекваттуу коргоону камсыз кылуучу чет мамлекеттердин тизмегин бекитүү жана өзүнүн сайтында жарыялоо;
- жеке маалыматтарды иштеп чыгууда, сактоодо жана берүүдө маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын ортосунда келип чыгуучу талаш маселелер боюнча сунуштамаларды берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маалыматты коргоо каражаттарын сертификаттоону макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте маалыматтарды коргоо каражаттарын сертификаттоо системасына катышуу.
5. Агенттиктин укуктары
11. Агенттик өзүнө жүктөлгөн функцияларга ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз компетенциясынын чегинде Агенттиктин кызматчылары аткарууга милдеттүү болгон ведомстволук актыларды белгиленген тартипте кабыл алууга;
2) жеке жактардан жана уюмдардан маалыматты, анын ичинде мамлекеттик жашыруун сырларга же башка мыйзам менен корголуучу сырга тийиштүү, өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты суроого жана мындай маалыматты акысыз алууга;
3) жүргүзүлүп жаткан контролдоо-көзөмөлдөө иш-чаралары үчүн маанилүү болгон фактыларды белгилөө максаттары үчүн бардык жайларга, документтерге, жабдууларга, кызматкерлерге жана жеке жазмалардын ээсинин аларды иштеп чыгууга тиешеси бар контрагенттерине жетүү мүмкүндүгүн жүзөгө ашырууга;
4) чалгындоо жана контрчалгындоо иши жана коргоо менен байланышкан иш процессинде алынган маалыматтарды кошпогондо, мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук уюмдарынын жеке маалыматтарды иштеп чыгуусуна мониторинг жүргүзүүгө;
5) жазмалардын ээсинен анык эмес же болбосо мыйзамсыз жол менен алынган жеке маалыматтарды тактоону, бөгөттөөнү же алып салууну талап кылууга;
6) Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылуучу жеке маалыматтарды иштеп чыгууну токтото турууну талап кылууга;
7) жеке маалыматтар субъекттеринин бузулган укуктарын коргоо үчүн, анын ичинде жактардын белгисиз чөйрөсүнүн укуктарын коргоо үчүн сотко доо арыз менен кайрылууга жана жеке маалыматтар субъекттеринин жана Агенттиктин кызыкчылыктарын сотто жана башка уюмдарда жактоого;
8) жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын бузуу менен байланышкан материалдарды ведомствого караштуулугуна ылайык жөнөтүүгө;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жеке маалыматтар чөйрөсүндө ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын бузууга күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартууга;
11) жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын натыйжалуу ишке ашыруу жана коргоо, жеке маалыматтарды коопсуз иштеп чыгууну камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү максатында маалыматтык чөйрөдөгү улуттук стратегияларды жана программаларды ишке ашырууга;
12) жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча сын пикирлер жана сунуштамалар менен корутундуларды даярдоого;
13) ишкердик субъекттерине жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча актыларды түзүүгө;
14) мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алынган жеке маалыматтарды пайдаланууну контролдоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында жазма буйруктарды (эскертүүлөрдү) түзүүгө жана эскертмелерди жарыялоого;
15) жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын ишке ашырууга жана коргоого, жеке маалыматтарды коопсуз иштеп чыгууну камсыз кылууга, көрсөтүлгөн маселелер боюнча тажрыйба алмашууга багытталган конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
16) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана/же жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
17) Агенттиктин компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте кеңештерди, комиссияларды, техникалык комитеттерди жана жумушчу топторду түзүүгө жана зарыл болгон адистерди жана эксперттерди, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин (макулдашуу боюнча) тартуу менен алардын ишине катышууга;
18) Агенттиктин компетенциясынын чегинде маалыматтык системаларды иштеп чыгууга, модернизациялоого жана техникалык жактан коштоого;
19) Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6. Агенттиктин милдеттери
12. Агенттик өзүнө жүктөлгөн функцияларга ылайык төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өзүнүн ишин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө иштелип чыгуучу жеке жазмаларга мыйзамсыз жеткиликтүүлүктү болтурбоого жана мындай жеке жазмаларды мыйзамсыз иштеп чыккан учурда жоопкерчилик тартууга;
- жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын сактоону уюштурууга;
- жазмалардын ээлеринин жана иштеп чыгуучулардын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жеке маалыматтарды иштеп чыгуу бөлүгүндөгү жоболорун сактоосун текшерүүгө жана текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон чечимдерди чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүгө, анын ичинде контролдоо-көзөмөлдөө иш-чараларын кайталоону болтурбоо жана тиешелүү чөйрөдө иш жүргүзүү өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу максатында контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө меморандумдарды түзүүгө;
- жеке жана юридикалык жактардын жеке маалыматтарды иштеп чыгуу менен байланышкан маселелер боюнча даттанууларын жана кайрылууларын кароого, ошондой эле аталган даттанууларды жана кайрылууларды кароонун натыйжалары боюнча аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алууга;
- жеке жактардын жана уюмдардын суроо-талаптары боюнча жеке маалыматтар чөйрөсүндө мыйзамдарды колдонуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү өзүнүн сайтында мындай түшүндүрмөлөрдү жарыялоо менен берүүгө;
- жеке маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча операцияларды эсепке алуу, жеке маалыматтар чөйрөсүндө окутуу жана агартуу иш- чараларын өткөрүү маселелери боюнча сунуштамаларды, ошондой эле жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү келишимдердин, укуктук актылардын жана башка документтердин болжолдуу формаларын иштеп чыгууга жана жарыялоого.
7. Агенттиктин ишин уюштуруу
13. Агенттикти Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор башкарат.
14. Агенттикте директордун орун басарынын кызмат орду каралган, аны Агенттиктин директорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана бөлүштүрүлгөн милдеттерине ылайык ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде Агенттиктин ишин уюштурат.
15. Агенттиктин директору:
1) Агенттиктин ишине жалпы жетекчилик кылат жана Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Агенттиктин директорунун орун басарынын милдеттерин аныктайт;
3) Агенттиктин түзүмүн бекитет, аны Агенттиктин милдеттери жана функциялары өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана өзгөртүүгө болот. Мында Агенттиктин директорун дайындоо Агенттиктин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Агенттиктин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
5) Агенттиктин мамлекеттик кызматчыларынын чектик саны жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизет;
6) Агенттиктин буйруктарына, жазма буйруктарына, протоколдоруна, чечимдерине, жамааттык келишимге ошондой эле анын ыйгарым укуктарынан келип чыгуучу башка документтерге кол коёт;
7) Агенттиктин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
8) Агенттиктин штаттык расписаниесин бекитет;
9) Агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду, кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын жана милдеттерин бекитет;
10) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка тартип каралбаса, Агенттиктин ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык расписаниесин белгиленген ченемдердин чегинде макулдашат;
11) Агенттикти каржылоо бөлүгүндө кирешелердин, чыгымдардын сметаларын бекитет жана республикалык бюджеттин аткарылышын уюштурат;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик тартат;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырат.
16. Агенттикте 7 адамдан турган коллегия түзүлөт. Кызмат орду боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп Агенттиктин директору (коллегиянын төрагасы) жана директордун орун басары саналат. Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын бир өкүлү милдеттүү түрдө кирет. Коллегиянын мүчөлөрүнүн жеке курамын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча Агенттиктин директору бекитет.
Коллегиянын курамына Агенттиктин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле жарандык коомдун институттарынын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
Коллегиянын иши Агенттиктин директорунун буйругу менен бекитилүүчү коллегия жөнүндө жобо менен аныкталат.
17. Агенттиктин иши жөнүндө отчеттор жыл сайын түзүлөт жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирбестен Агенттиктин расмий сайтында жарыяланат.
8. Агенттиктин мүлкү жана аны каржылоо
18. Агенттиктин мүлкү (кыймылдуу жана кыймылсыз) Агенттикке ыкчам башкаруу укугунда берилген мамлекеттин менчиги болуп саналат.
19. Агенттиктин ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
20. Каражаттарды сарптоо Агенттиктин директору бекиткен сметалардын негизинде, ошондой эле жамааттык келишимдин шарттарына ылайык учурдагы финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.
9. Корутунду жоболор
21. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
22. Агенттиктин иши токтогон учурда, анын документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.