Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2026-жылдын 5-февралындагы № 149-VIII
Курулуш тармагында баалардын өсүшү жана Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин иштерине жана кызмат көрсөтүүлөрүнө бааларды түзүү маселелери жөнүндө
Кыймылсыз мүлк, курулуш иштеринин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунда бааларды турукташтыруу, баа түзүүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу, турак жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Курулуш тармагында баалардын өсүшү жана Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин иштерине жана кызмат көрсөтүүлөрүнө бааларды түзүү чөйрөлөрү жөнүндө маалымат эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
– курулуш тармагындагы товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон бааларга туруктуу мониторинг жүргүзсүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте бааларды жөнгө салуу чараларын өз убагында көрсүн;
– кыймылсыз мүлктүн наркынын, анын ичинде курулуш тармагындагы товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын кымбаттоосунун себептерине, тарифтердин, логистиканын, салык жүгүнүн жана кадрлардын тартыштыгынын таасирине ар тараптуу талдоо жүргүзсүн;
– жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана акыркы керектөөчүгө болгон жүктү азайтуу максатында долбоорлоо жана курулуш үчүн мурда бөлүп берилип көп кабаттуу, көп батирлүү үйлөр курулган жер участокторун менчикке сатып алуу усулдарын жана жол-жоболорун кайра карап чыксын;
– жашоо-тиричиликтин ыңгайлуу, функциялуу жана коопсуз чөйрөсүн түзүү максатында Бишкек шаарынын аймагына кошулган жерлерде шаар курууну пландаштыруу жана зоналаштыруу маселелерин чечсин;
– курулуш тармагы, долбоорлоо жана архитектура үчүн кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо тутумун өркүндөтүү боюнча чараларды көрсүн, квалификациялуу адистердин тартыштыгын төмөндөтүү боюнча чараларды иштеп чыксын;
– турак жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, анын ичинде социалдык турак жайды курууга дем берүү боюнча чаралардын топтомун, ошондой эле коммерциялык банктарда ипотекалык кредит берүү боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө багытталган чараларды иштеп чыксын жана сунуш кылсын;
– Шаар куруу кодексинин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
– кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө уруксат берүүчү документтерди берүү тутумун, ошондой эле курулушу аяктаган объекттерди пайдаланууга берүүгө ылайыктуулугун баалоо тутумун, инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына кошуу тартибин өркүндөтүү боюнча чараларды көрсүн;
– Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин иштерине жана кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон бааларды төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карасын, ошондой эле турак жай курулушунун өздүк наркын төмөндөтүү максатында инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына кошууга болгон тарифтерди кайра карап чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бул токтомдун аткарылышы боюнча 2026-жылдын 1-сентябрына чейин маалымат берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| Ж. Таалайбек кызы К |