Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 31-январы № 22
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 388 "Транспорт каражаттарын техникалык кароону уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жол коопсуздугун камсыз кылуу жана транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү мамлекеттик контролдоонун натыйжалуу системасын түзүү, баалардын туруктуулугуна жетишүү жана сактоо, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 388 "Транспорт каражаттарын техникалык кароону уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-пунктта "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-пункт "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасына" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |