Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-августундагы № 23/V-28
Акча каражаттарынын эркин калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
2024-жылдын башына карата негизги эсеп боюнча 3282,9 миң сом, атайын эсеп боюнча 467,4 миң сом акча каражаттарынын эркин калдыгын сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып жана бюджеттик угуулардын катышуучуларынын пикирлерин, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Ак-Кудук айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Милянфан айыл өкмөтүнүн бош калган бюджеттик каражаттары негизги эсепке бөлүштүрүлсүн :
- Милянфан айылындагы "Белочка" бала бакчасынын ашканасын капиталдык оңдоо бөлүм 70911 ст.3111-787,5 миң сом;
- Милянфан айылындагы Ленин көчөсүнүн жолун капиталдык оңдоо бөлүм 70629 ст.3111-873,3 миң сом;
- айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин сыйлоо бөлүм 70111-532,7 миң сом (2111 - берене - 454, 3 миң сом, 2121-78,4 миң сом)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Кудук айылдык Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Кудук айылдык кеңешинин төрагасы |
Кенжебек уулу А |