Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-августундагы № 25/V-28
2024-жылга Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө СЭӨ башчысы О. Г. Котлярованын маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин негизги эсебинин киреше бөлүгүн салыктын төмөнкү түрлөрү боюнча 4647,7 (төрт миллион алты жүз кырк жети миң жети жүз) сомго көбөйтүү;
-11321100 "короо жанындагы жана багбанчылык-огороддук участокторду пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 22,7 (жыйырма эки миң жети жүз) сомго;
-11321200 "Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 2113,9 (эки миллион жүз он үч миң тогуз жүз) сомго;
-11321300 " калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы " 2470,0 (эки миллион төрт жүз жетимиш миң) сом;
-14151200 "жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн акы" 25,4 (жыйырма беш миң төрт жүз) сом;
- 14152200 "жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акы төлөө" 5,1 (беш миң жүз) сом;
-14511400 "жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү" 10,6 (он миң алты жүз) сом.
2024-жылга жергиликтүү бюджеттин негизги эсебинин чыгаша бөлүгүн төмөнкү бөлүмдөр боюнча көбөйтүү:
- 70111 "башкаруу аппараты“ бөлүмү,3112-берене "машиналар жана жабдуулар" бөлүмү автомашина сатып алууга 1000,0 миң сом суммага;
-70921"мектептер" бөлүмү, 3111-берене "имараттар жана курулмалар" Киров орто мектебинин терезелерин алмаштырууга 1504,4 миң сом суммага;
- 3112-берене "машиналар жана жабдуулар" интернеттин локалдык тармагына жабдууларды сатып алууга 500,0 миң сом суммага;
- 2222-берене "Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу" 373,3 миң сомго;.
-70911 "балдар бакчасы" бөлүмү 2222-берене "Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу" менен чарбалык буюмдарды сатып алуу үчүн 300,0 миң сом суммага;
- 70823 "клубдар" бөлүмү 3112-берене "машиналар жана жабдуулар" Хунчи айылынын клубуна кресло-блокторду сатып алууга 520,0 миң сом суммага;
- 71092 "социалдык камсыздоо" бөлүмүнүн 2721-беренеси "калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул" материалдык жардам көрсөтүүгө 450,0 миң сом суммага;
2. Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын компенсациялоонун түшүүсүнүн эсебинен бюджеттин киреше бөлүгү 1028,7 миң сом суммасында көбөйтүлсүн. Каражаттар Киров орто мектебинин имаратындагы терезе блокторун алмаштыруу боюнча иштерди сатып алуу үчүн 3111 "Имараттар жана курулмалар" бөлүмү боюнча 1028,7 суммасында чыгаша бөлүгүн көбөйтүүгө багытталсын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Кудук айылдык кеңешинин төрагасы |
Кенжебек уулу А |