Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-августундагы № 26/V-28
Айыл чарба багытындагы, айыл чарба багытындагы эмес жерлерге, короо жай жана багбанчылык-огород участокторуна зоналык коэффициентти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 338 жана 339 - беренелеринин негизинде айыл чарба багытындагы, айыл чарба багытындагы эмес жерлерге, короо жай жана багбанчылык-огород участокторуна мүлк салыгынын зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө" маселени карап жана талкуулап Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл аймагында айыл чарба багытындагы жерлерди, айыл чарба багытындагы эмес жерлерди, короо жай жана багбанчылык-огород участокторун жана мүлк салыгын эсептөө үчүн Кз=1,3 зоналык коэффициенти бекитилсин.
2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча адистери ушул токтомду жетекчиликке алуу менен айыл чарба, айыл чарба багытындагы эмес жерлерге, короо жай жана бакча участокторуна жер салыгын жана мүлк салыгын эсептеп чыксын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Кудук айылдык кеңешинин төрагасы |
Кенжебек уулу А |