Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 04-февралы № 02
2025-жылга Нарзан айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылды:
1.Нарзан айыл аймагынын 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө отчет (№1 тиркемеге ылайык) канааттандырарлык деп эсептелсин.
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү 1 тиркемеси)
2.Ушул токтом тиркемеси менен Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
3.Жооптуу катчы бул токтомду каттап, тиркемелери менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын у.м.а |
| А.Т. Урманбетов |