Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-августундагы № 28/V-28
Ак-Кудук айыл өкмөтү боюнча мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы О. Г. Котлярованын "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-пунктуна ылайык мүлк салыгын киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2025-жылдын 1-январынан баштап Ак-Кудук айыл аймагында мүлк салыгы бекитилсин жана киргизилсин:
- Кыймылсыз мүлк салыгы;
- транспорт салыгы;
- жер салыгы;
- таштанды чыгаруу үчүн жыйым.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы А. М. Өмүралиевге милдеттендирилсин.
Ак-Кудук айылдык кеңешинин төрагасы |
Кенжебек уулу А |