Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 47 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (мындан ары - УИА) - табигый, техникалык, медициналык, айыл чарба, коомдук жана гуманитардык илимдердин негизги багыттары боюнча жүргүзүлүүчү фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү улантууну, уюштурууну жана координациялоону камсыз кылуучу, УИАнын илимий-изилдөө институттарын, УИАнын мүчөлөрүн, УИАнын илимий жана башка кызматкерлерин бириктирген мамлекеттик жогорку илимий мекеме.
2. УИА өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Илим жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө", "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Уставга ылайык жүргүзөт.
3. УИАнын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. УИА өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет.
4. УИА юридикалык жак статусуна ээ жана коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
5. УИАнын мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, банктарда алыш-бериш, валюталык жана башка эсептери бар жана белгиленген тартипте жаңы эсептерди ачууга укуктуу.
6. УИАнын аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы";
- расмий тилде: "Национальная академия наук Кыргызской Республики при Президенте Кыргызской Республики".
7. Юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265а.
2-глава. УИАнын максаттары, принциптери, багыттары жана ишинин предмети
8. УИАнын ишинин максаты болуп илимий прогресс жана улантуучулук принциптерине негизделген фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү багыттарды координациялоо саналат.
9. УИА өзүнүн ишинде төмөнкүдөй принциптерди жетекчиликке алат:
1) илимий автономия, илимий изилдөөлөрдүн темаларын, методдорун жана формаларын тандоодо көз карансыздык;
2) илимий фактылардын жана текшерилген маалыматтардын объективдүүлүгү жана ишенимдүүлүгү, артыкчылыгы;
3) илимий иш жөнүндө маалыматтын ачыктыгы, айкындуулугу жана жеткиликтүүлүгү;
4) мамлекеттин динамикалык өнүгүүсүндө илимий жетишкендиктердин натыйжалуулугу, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын практика жүзүндө өлкөнүн кызыкчылыгында колдонуу багыты;
5) академиялык этика, кесиптик жүрүм-турум ченемдерин сактоо, чынчылдык жана автордук укуктарды урматтоо;
6) илимий мектептердин ишин улантуучулук жана туруктуу өнүгүү, илимий салттарды сактоо жана өнүктүрүү;
7) илимди жана билим берүүнү өндүрүшкө интеграциялоо, академиялык, билим берүү жана өндүрүш чөйрөлөрүнүн өз ара катыштыгы;
8) коомдун жана мамлекеттин алдында жоопкерчилик, илимдин социалдык маанилүүлүгүн таануу жана анын жыйынтыктары үчүн жоопкерчилик.
10. УИАнын илимий иши саясий же идеологиялык негиздер боюнча чектелиши же реформаланышы мүмкүн эмес.
11. УИАнын ишинин багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) илим чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
2) илимий-техникалык прогресстин, Кыргыз Республикасынын динамикалык экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүшүнүн негизи катары фундаменталдык жана колдонмо илимдерди өнүктүрүү;
3) өлкөнү социалдык-экономикалык жана саясий өнүктүрүүгө, анын илимий-техникалык потенциалынын өсүшүнө, маданиятты, билим берүүнү, адабиятты жана искусствону өнүктүрүүгө, укуктук мамлекетти түзүүгө, элдердин ортосундагы тынчтыкты жана достукту чыңдоого өбөлгө түзүүчү фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү багыттарды координациялоо;
4) социалдык-экономикалык, илимий-техникалык, инновациялык, саясий-укуктук жана маданий чөйрөдө республиканы өнүктүрүүнүн азыркы көйгөйлөрүн изилдөө;
5) илимий иштелмелерди жана жетишкендиктерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
6) өлкөнү социалдык-экономикалык, илимий жана илимий-техникалык өнүктүрүүнүн негизги багыттарын болжолдоо жана илимий коштоо.
12. УИАнын ишинин предмети болуп фундаменталдык жана колдонмо илимдер, илимий-техникалык саясат чөйрөсүндөгү илимий, илимий-техникалык, инновациялык, аналитикалык, эксперттик, билим берүү жана координациялык ишти жүзөгө ашыруу, илимий кадрларды даярдоо, инновацияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында мамлекеттик программаларды илимий коштоо жана ченемдик укуктук жөнгө салуу саналат.
3-глава. УИАнын негизги милдеттери, функциялары, укуктары жана ыйгарым укуктары
13. Илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында УИАнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн улантуучулугун камсыз кылуу жана координациялоо;
2) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги багыттарына ылайык илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
3) улуттук жана мамлекеттик илимий, илимий-техникалык, экономикалык, социалдык жана экологиялык программаларды, стратегиялык мүнөздөгү инновациялык долбоорлорду илимий экспертизалоону уюштуруу жана өткөрүүгө катышуу;
4) мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарды илимий консультациялоо;
5) республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун эсебинен менен алынган илимий, илимий-техникалык натыйжаларга баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;
6) илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды, жогорку квалификациялуу илимий-техникалык кызматкерлерди даярдоо;
7) илимий кызматкерлердин, анын ичинде чет өлкөлүк илимий мекемелерде квалификациясын жогорулатуу;
8) илимди жана инновацияларды өнүктүрүүнүн жаңы жолдорун аныктоо;
9) ата мекендик жана дүйнөлүк илимдин жетишкендиктерин практикада пайдалануу боюнча сунуштарды жана механизмдерди иштеп чыгуу;
10) Кыргыз Республикасынын Президентине илим боюнча ар жылдык улуттук баяндаманы даярдоо жана аны басып чыгаруу, отчеттук мезгилде алынган илимий жетишкендиктерди көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ар жылдык отчетту даярдоо;
11) өлкөнү, анын маданиятын социалдык-экономикалык, саясий-укуктук өнүктүрүүнү, жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону илимий негиздөө;
12) Кыргыз Республикасынын илим жаатындагы мыйзамдарында каралган башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.
14. УИАнын функцияларына төмөнкүлөр кирет:
1) илим чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
2) өлкөнү илимий-техникалык өнүктүрүүнү комплекстүү талдоо жана болжолдоо;
3) республикада илимдин жана инновациялардын абалы жана өнүктүрүү келечеги, ошондой эле фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу багыттар жөнүндө ар жылдык улуттук баяндаманы даярдоо;
4) фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө багыттарды координациялоо, улантуучулукту камсыз кылуу;
5) инновациялардын жана жогорку технологиялардын үлгүлөрүн түзүү боюнча илимий тажрыйбалык-конструктордук жана тажрыйбалык-технологиялык иштелмелерди жүргүзүү;
6) илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө эл аралык илимий-техникалык кызматташтык;
7) илимий, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;
8) илимий билимдерди популярдаштыруу жана жайылтуу;
9) илимий-техникалык саясат маселелери боюнча мамлекеттик чечимдерди иштеп чыгууга көмөктөшүү;
10) дүйнөлүк жана ата мекендик илимдин жетишкендиктерин изилдөө жана талдоо, аларды республиканын кызыкчылыгында пайдалануу боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
11) мамлекеттик жана улуттук илимий, илимий-техникалык, экономикалык, социалдык жана экологиялык программаларды, инновациялык долбоорлорду илимий коштоо;
12) Кыргыз Республикасында фундаменталдык жана колдонмо илимдерди өнүктүрүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо жана белгиленген тартипте киргизүү;
14) илимий-техникалык маалыматтын мамлекеттик ресурстарын түзүүгө катышуу жана өз ресурстарын түзүү;
15) билим берүү кызматтарын көрсөтүү;
16) илимий жана илимий-техникалык иштин субъекттери үчүн фундаменталдык жана колдонмо илим чөйрөсүндөгү багыттарды аныктоо;
17) мамлекеттик заказдын, улуттук илимий-техникалык программалардын, илимий-изилдөө иштеринин келечектүү мамлекеттик пландарынын алкагында фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө багыттарды координациялоо;
18) УИАнын уставдык максаттарына жана милдеттерине жетишүүгө багытталган башка функцияларды ишке ашыруу.
15. УИАга төмөнкүдөй укуктар жана ыйгарым укуктар берилген:
1) мамлекеттик менчикте турган мүлктү оперативдүү башкаруу;
2) УИАнын илимий-изилдөө жана илимий-көмөкчү мекемелерин жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу;
3) илимий-изилдөө мекемелеринин уставдарын, жоболорун бекитүү, алардын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу;
4) эл аралык илимий-техникалык программаларга катышуу;
5) белгиленген тартипте жогорку квалификациялуу илимий, илимий-педагогикалык кадрларды жана адистерди даярдоо үчүн аспирантураны жана докторантураны (анын ичинде PhD докторантурасын) ачуу;
6) белгиленген тартипте диссертациялык кеңештерди ачуу;
7) илимдеги жетишкендиктери үчүн УИАнын сыйлыктарын уюштуруу жана ыйгаруу;
8) ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштууларга УИАнын Ардактуу академиги наамын жана УИАнын Ардактуу доктору наамын ыйгаруу;
9) ведомстволук сыйлыктарды уюштуруу жана сыйлоо;
10) УИАнын кызматкерлеринин кесиптик жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо;
11) УИАнын функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка укуктар.
4-глава. УИАнын мүчөлөрү
16. УИАнын мүчөлөрү болуп УИАнын академиктери, корреспондент мүчөлөрү жана чет өлкөлүк мүчөлөрү саналат.
17. УИАнын корреспондент мүчөлөрү, илимий мектеби, илимдин доктору окумуштуулук даражасы, профессор окумуштуулук наамы бар, илимди көрүнүктүү илимий эмгектер менен байыткан Кыргыз Республикасынын жарандары академик болуп шайланышы мүмкүн.
18. Илимий мектеби, илимдин доктору окумуштуулук даражасы жана профессор окумуштуулук наамы бар, илимди ири илимий эмгектер менен байыткан Кыргыз Республикасынын жарандары корреспондент мүчө болуп шайланышы мүмкүн.
19. УИАнын академиктери жана корреспондент мүчөлөрү илимий-изилдөө иштерин кесипкөй жүргүзүүгө тийиш.
20. УИАнын мүчөлөрүнүн жалпы саны (УИАнын чет өлкөлүк мүчөлөрүн кошпогондо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. УИАнын чет өлкөлүк мүчөлөрүнүн жалпы саны УИАнын президиуму тарабынан аныкталат.
21. УИАнын мүчөлөрү өмүрүнүн аягына чейин шайланат.
22. УИАнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыраганда УИАнын чет өлкөлүк мүчөлөрүнүн статусуна ээ болот.
23. Дүйнөлүк жана улуттук илим менен маданиятка кошкон салымы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын окумуштууларын жана адистерин даярдоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн чет өлкөлүк окумуштуулар жана илимдин жана маданияттын көрүнүктүү инсандары УИАнын чет өлкөлүк мүчөлөрү болуп шайланышы мүмкүн.
24. УИАнын жетекчи кызмат орундарын ээлөө, академиялык наам үчүн стипендия алуу, ошондой эле УИАнын мүчөлөрүн шайлоого катышуу укугунан тышкары, УИАнын чет өлкөлүк мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткен УИАнын мүчөлөрү УИАнын башка мүчөлөрүнө берилгендей эле укуктарга ээ.
25. УИАнын академиктерин жана корреспондент мүчөлөрүн, ошондой эле УИАнын чет өлкөлүк мүчөлөрүн шайлоо тартиби жана шарттары ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө жободо (мындан ары - УИАнын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө жобо) аныкталат.
26. Шайлоону өткөрүү убактысы, адистиктердин аталышы жана ар бир адистик боюнча бош орундардын саны бөлүмдөрдүн сунуштарынын негизинде УИАнын президиуму тарабынан белгиленет.
27. УИАнын мүчөлөрүн шайлоо төрт жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
28. УИАнын академигине жана корреспондент мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү укугу УИАнын академиктерине, ошондой эле мамлекеттик илимий мекемелерге, жогорку окуу жайларына берилет.
Талапкерлерди көрсөтүү илимий мекемелердин, жогорку окуу жайлардын окумуштуулар кеңештеринин жыйналыштарында жүргүзүлөт.
Талапкерлерди көрсөтүүнү алдын ала талкуулоо илимий мекемелердин, жогорку окуу жайларынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө (кафедраларда, лабораторияларда, институтта) өтөт.
29. УИАнын академигине жана корреспондент мүчөлүгүнө катталган талапкерлер жөнүндө маалымат шайлоого эки жумадан кечиктирбестен УИАнын расмий сайтында жарыяланат.
30. УИАнын академигине жана корреспондент мүчөлүгүнө талапкерлер шайлоого бир гана адистик боюнча катталат жана катышат.
31. УИАнын мүчөлөрүн шайлоо УИАнын жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт, добуш берүүгө УИАнын мүчөлөрү гана (УИАнын чет өлкөлүк мүчөлөрүн кошпогондо) катышат.
32. Академиктерди шайлоодо добуш берүүгө катышкан УИАнын академиктеринин үчтөн экисинен кем эмес добушун алган адамдар шайланды деп эсептелет.
Корреспондент мүчөлөрдү шайлоодо добуш берүүгө катышкан академиктердин үчтөн экисинен кем эмес жана УИАнын корреспондент мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес добушун алган адамдар шайланды деп эсептелет.
33. Чет өлкөлүк мүчөлөрдү шайлоо УИАнын кезектеги жана кезексиз жалпы чогулуштарында ачык добуш берүү менен УИАнын жалпы чогулушуна катышкандардын көпчүлүк добушу менен өткөрүлөт.
34. УИАнын мүчөлөрү төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) УИАнын башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;
2) жеке өзү жүргүзгөн же уюштурган илимий иштерди жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттардын УИА тарабынан түзүлүшүнө;
3) илимий, илимий-уюштуруу маселелерин УИАнын бөлүмдөрүнүн бюросунун жана Президиумунун кароосуна киргизүүгө;
4) УИАнын илимий бөлүмдөрүнүн башчыларынын, ошондой эле илимий кызматкерлеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө (конкурстан тышкары);
5) УИАнын жалпы чогулушунун ишине катышууга;
6) өзүнүн изилдөөлөрүнүн натыйжаларын УИАнын басмаканасы аркылуу жарыялоого;
7) өзүнүн илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын баяндамалар, жарыш сөздөр жана илимий дискуссияларга катышуу формасында берүүгө;
8) өзүнүн УИАнын мүчөлүгүнүн ыйгарым укуктарын ыктыярдуу токтотууга жана анын курамынан чыгууга.
35. УИАнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга ээ.
36. УИАнын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) УИАга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга активдүү катышууга;
2) илимдин жетишкендиктерин практика жүзүндө ишке ашырууга активдүү көмөктөшүүгө;
3) жеке өзү жүргүзгөн илимий изилдөөлөр, илимий маселелерди жамааттык иштеп чыгууну уюштуруу жана ошол иштелмени илимий жетекчилик кылуу аркылуу илимди жаңы жетишкендиктер менен байытууга;
4) өлкөдө илимий саясатты ишке ашырууга жана илимди кеңири жайылтууга активдүү катышууга;
5) илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүүгө;
6) УИАнын жалпы чогулушунун, УИАнын тиешелүү бөлүмүнүн жалпы чогулушунун ишине катышууга;
7) УИАнын президиуму бекиткен форма боюнча өзүнүн илимий иши жөнүндө жыл сайын УИАнын президиумуна жана УИАнын тиешелүү бөлүмүнө жазуу жүзүндө отчет берүүгө;
8) УИАнын президиумунун жана УИАнын тиешелүү бөлүмүнүн тапшырмаларын аткарууга;
9) жеке кызыкчылыгы өзүнүн кызматтык жана (же) уставдык милдеттерин талаптагыдай, объективдүү жана калыс аткарууга таасир эткен же таасир этиши мүмкүн болгон жагдайларга жол бербөөгө.
37. УИАнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген милдеттерге ээ.
38. УИАнын мүчөлөрү төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарбоо;
2) ушул Уставдын жоболорун сактабоо (анын ичинде УИАнын жалпы чогулуштарына жана бөлүмдүн жалпы чогулуштарына 3 жолудан ашык катышпоо);
3) УИАнын президиуму тарабынан бекитилген УИАнын мүчөлөрүнүн жана УИАнын кызматкерлеринин этика кодексинде каралган академиялык ак ниеттүүлүктүн этикалык ченемдерин жана принциптерин бузуу;
4) УИАнын ишкердик беделине зыян келтирүү.
39. УИАнын мүчөлөрү жол берилген укук бузууларга жараша юридикалык жоопкерчиликке тартылат.
5-глава. УИАнын башкаруу органдары
40. УИАнын академиктеринен, корреспондент мүчөлөрүнөн, илимий мекемелеринин жетекчилеринен жана УИАнын алдынкы окумуштууларынан турган жалпы чогулуш УИАнын жогорку башкаруу органы болуп саналат.
41. УИАнын жалпы чогулушу:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын алкагында УИАнын илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттарын аныктайт;
2) кийинки финансылык жылга УИАнын бюджеттик каржылоо планын түзүүнүн багыттарын жана артыкчылыктарын белгилейт;
3) илим жөнүндө улуттук баяндаманы жана УИАнын иши жөнүндө ар жылдык отчетту, УИАнын президиумунун, УИАнын бөлүмүнүн, УИАнын академиктеринин жана корреспондент мүчөлөрүнүн отчетторун, илимий мекемелердин жетекчилеринин отчетторун угат жана бекитет;
4) академиктерди, корреспондент мүчөлөрдү, УИАнын чет өлкөлүк мүчөлөрүн, УИАнын президиумунун мүчөлөрүн ушул Уставда жана УИАнын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө жободо аныкталган тартипте шайлайт;
5) илимий жана уюштуруучулук мүнөздөгү, фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр чөйрөсүндөгү багыттарды координациялоо маселелерин карайт;
6) УИАнын уставын жана ага түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
7) УИАнын президиумунун сунушу боюнча УИАнын бөлүмүн түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечим кабыл алат;
8) УИАнын бөлүмү жөнүндө жобону бекитет;
9) УИАнын президиумунун сунушу боюнча УИАнын Ардактуу академиги наамын ыйгарат;
10) УИА президентинин сунушу боюнча УИАнын президиумунун айрым мүчөлөрүн шайлайт жана бошотот;
11) башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
42. УИАнын жалпы чогулушунун сессиялары зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес чакырылат.
43. УИАнын жалпы чогулушунда талкуулоо үчүн маселелер УИАнын мүчөлөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарынын, УИАнын бөлүмүнүн чечимдеринин, илимий мекемелердин чечимдеринин негизинде УИАнын президиуму тарабынан түзүлөт.
44. УИАнын жалпы чогулушунда бардык маселелерди чечүүдө УИАнын мүчөлөрү жана илимий мекемелердин жетекчилери, УИАнын көрүнүктүү окумуштуулары чечүүчү добуш укугуна ээ болот, буга УИАнын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө жободо каралган учурлар кирбейт.
45. УИАнын жалпы чогулушунун мүчөлөрүнүн жарымынан көбү жеке катышканда УИАнын жалпы чогулушу укуктуу болот.
46. Жашыруун добуш берүүнү талап кылган учурларды кошпогондо, УИАнын жалпы чогулушунда чечимдер катышып отурган адамдардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
47. УИАнын жалпы чогулушунун сессияларынын ортосунда туруктуу иштөөчү коллегиялуу аткаруучу орган болуп УИАнын президиуму эсептелет. УИАнын президиумунун төрагасы болуп кызмат орду боюнча УИАнын президенти эсептелет.
48. УИАнын президиуму УИАнын жалпы чогулушу тарабынан 15 адамдан турган 5 жылдык мөөнөткө УИАнын мүчөлөрүнүн, ошондой эле илим, жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнүн курамында шайланат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
49. УИАнын президенти, УИАнын вице-президенти, УИАнын башкы окумуштуу катчысы кызмат орду боюнча УИАнын президиумунун курамына кирет.
50. УИАнын президиумунун мүчөлүгүнө талапкерлер УИАнын президенти тарабынан көрсөтүлөт.
51. УИАнын президиумунун жаңы курамы бекитилген учурдан тартып УИАнын президиумунун иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары токтотулду деп эсептелет.
52. УИАнын президиумунун мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда чыккан учурда УИАнын жалпы чогулушу УИАнын президиумунун кезектеги шайлоосуна чейин калган мөөнөткө УИАнын президиумунун жаңы мүчөлөрүн шайлоого укуктуу.
53. Өз ишинде УИАнын президиуму УИАнын жалпы чогулушуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет.
54. УИАнын президиумунун мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү УИАнын президенти тарабынан белгиленет.
55. УИАнын президиуму:
1) УИАнын жалпы чогулушунун сессияларын, анын ичинде УИАнын кезексиз жалпы чогулуштарын чакырат;
2) УИАнын илимий изилдөөлөрүнүн пландарын жана программаларын жана УИАнын илимий мекемелеринин иш пландарын бекитет;
3) отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентине базалык түзүмү жана мазмундук бөлүгү илимдин тиешелүү багыттары боюнча УИАнын бөлүмү тарабынан аныкталган жана УИАнын жалпы чогулушунда бекитилген илим боюнча жылдык улуттук баяндама берет;
4) отчеттук жылдан кийинки жылдын 25-февралынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине УИАнын жалпы чогулушунда жактырылган УИАнын иши жөнүндө ар жылдык отчетту берет;
5) илимий съезддерди, конференцияларды, семинарларды жана кеңешмелерди чакырат, изилдөө экспедицияларын уюштурат;
6) жыл сайын УИАнын жалпы чогулушуна өзүнүн иши жөнүндө отчет берет;
7) УИАнын илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын өндүрүшкө киргизүү боюнча чараларды көрөт;
8) УИАнын илимий-изилдөө, илимий-көмөкчү мекемелерин, илимий-өндүрүштүк бирикмелерин, борборлорун жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүн жарандык мыйзамдарга ылайык түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин карайт жана чечим кабыл алат;
9) УИАнын бөлүмүн түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды УИАнын жалпы чогулушунун кароосуна киргизет;
10) УИАнын илимий-изилдөө жана илимий-көмөкчү мекемелеринин уставдарын, ошондой эле юридикалык жак болуп саналган илимий, илимий-өндүрүштүк бирикмелердин жана борборлордун, башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн уставдарын бекитет;
11) УИАнын жаңыдан түзүлгөн илимий-изилдөө жана илимий-көмөкчү мекемелерине мамлекеттик мүлктү бекитип берет, мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун контролдойт;
12) республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда УИАны каржылоо бөлүгүндөгү сунуштарды карайт;
13) Кыргыз Республикасынын жарандык жана бюджеттик мыйзамдарына ылайык УИАнын мүлкүн жана бюджеттен тышкаркы финансылык каражаттарын тескөө тартибин аныктайт;
14) УИАнын жылдык сметасын бекитет жана бөлүнгөн каражаттардын максаттуу чыгымдалышын контролдойт;
15) УИАнын илимий кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана аспирантура, докторантура (анын ичинде РЮ докторантура) аркылуу жогорку квалификациялуу илимий, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча ишти координациялайт, окутуунун бюджеттик жана тышкы бюджеттик формаларына кабыл алуу пландарын бекитет;
16) билим берүүнүн акы төлөмө шарттарына прейскуранттарды (тарифтерди) бекитет;
17) УИАнын эл аралык уюмдардын ишине катышуусу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
18) УИАнын мүчөлөрүнүн илимий иштери жөнүндө ар жылдык жазуу жүзүндөгү отчетторду кабыл алат;
19) УИАнын бөлүмүнүн иши жөнүндө ар жылдык отчетторду угат;
20) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык бюджеттик (бюджеттен тышкаркы) каражаттарды чыгымдоонун негизги багыттарын аныктайт;
21) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкерлеринин мамлекеттик заказ түрүндөгү мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду аткаруу конкурсуна катышуу тартиби жөнүндө жобону бекитет;
22) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын негизги жана жүгүртүү каражаттарын ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитет, ошондой эле республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттарды, жайларды ижарага берүүдөн алынган каражаттарды УИАнын фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрүнүн программасына ылайык илимий жана башка мекемелер менен уюмдардын, кыйла келечектүү багыттар боюнча программалардын ортосунда бөлүштүрүү жөнүндө жобону бекитет;
23) илимий-басма кеңешинин сунушу боюнча УИАнын басылмаларынын пландарын бекитет, алардын аткарылышын контролдойт, журналдарды түзүү, кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
24) УИАнын басма иши жөнүндө ар жылдык отчетторун угат;
25) эл аралык илимий уюмдар, чет өлкөлөрдүн илимдер академиялары жана башка илимий мекемелери менен илимий байланыштарды координациялайт;
26) УИА системасынын өзгөчө айырмаланган илимий кызматкерлерин жана кызматкерлерин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого, ардак наамдарды ыйгарууга көрсөтөт;
27) илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого катышат;
28) УИАнын Ардактуу доктору наамын ыйгарат;
29) УИАнын ведомстволук сыйлыктарын уюштуруу жана берүү маселелерин карайт, аларды берүүнүн тартибин бекитет;
30) УИАда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган мамлекеттик, кызматтык жана коммерциялык сырды сактоо, интеллектуалдык менчик объекттерин коргоо боюнча милдеттенмелердин аткарылышын контролдойт;
31) УИАнын бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана кызмат адамдары тарабынан УИАнын уставынын сакталышын контролдойт;
32) УИАнын илимий архиви жөнүндө жобону бекитет;
33) өз каражаттарынын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны тескөөгө макулдук берет;
34) пландан тышкаркы илимий иш катары каралуучу долбоорлорду жана мамлекеттик заказдарды кошкондо, кошумча илимий-изилдөө иштерин аткаруу үчүн акы төлөөнүн тартибин белгилейт жана жөнгө салат;
35) аткарылган иш жөнүндө отчет бекитилгенден кийин ар бир илимий-изилдөө уюму үчүн кошумча илимий-изилдөө иштерин аткаргандыгы үчүн белгиленген тартипте жана формада өзүнчө акы төлөөгө макулдук берет;
36) фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдүн эң маанилүү комплекстүү көйгөйлөрү боюнча илимий кеңештерди уюштурат;
37) илимий-басма кеңешинин сунушу боюнча УИАнын басылмаларынын пландарын бекитет, алардын аткарылышын контролдойт;
38) УИАнын илимий басылмалары жөнүндө жобону бекитет;
39) фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү багыттарды координациялоо боюнча иш жүргүзөт;
40) УИАнын мүчөлөрүн шайлоону өткөрүү убактысын, адистиктердин аталышын жана ар бир адистик боюнча бош орундардын санын белгилейт;
41) УИАнын мүчөлүгүнө талапкерлердин ишин баалоо критерийлерине УИАнын мүчөлүгүнө талапкерлердин ылайыктуулугу жөнүндө УИАнын эксперттик комиссиясынын корутундусун угат жана аларды шайлоого катышууга жол берүү (баш тартуу) жөнүндө маселени чечет;
42) УИА тарабынан берилүүчү дипломдордун жана күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн бекитет;
43) бөлүмдүн төрагасынын сунушу боюнча УИАнын бөлүмүнүн окумуштуу катчысын жана бюро мүчөлөрүн бекитет;
44) технологиялык парктар, чарба жүргүзүүчү коомдор, инновациялык венчур фонддору, технологиялар трансфери жана интеллектуалдык менчик борборлору жөнүндө жобону бекитет;
45) УИАнын мүчөлөрүнүн отчетунун формасын бекитет;
46) ар жылдык отчетту бербегендиги үчүн УИАнын мүчөлөрүнө академиялык наамдарына байланышкан стипендияларды төлөөнү токтотуп туруу жөнүндө маселени карайт;
47) УИАнын мүчөлөрүнүн жана УИАнын кызматкерлеринин этика кодексин бекитет;
48) сый акы төлөмдөрүн төлөөнүн тартиби, өлчөмдөрү жана шарттары жөнүндө жобону бекитет;
49) башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
56. УИАнын президенти 70 жаштан улуу эмес, УИАнын академиктеринин, корреспондент мүчөлөрүнүн, илимдин докторлорунун ичинен 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат. Бир эле адам УИАнын президентинин кызмат ордуна катары менен эки мөөнөттөн ашык эмес дайындала алат.
57. УИАнын президенти:
1) УИАнын фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү багыттарды координациялоону камсыз кылат жана координациялык кеңештин төрагасы болуп саналат;
2) УИАнын фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрүн өнүктүрүү, алардын сапатын, натыйжалуулугун жана максаттуу багытын жогорулатуу боюнча иштерди жетектейт;
3) УИАнын жалпы чогулушуна жана УИАнын президиумуна төрагалык кылат;
4) УИАнын атынан иш жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, эл аралык уюмдарда, коомчулуктарда, ассоциацияларда УИАнын атынан чыгат;
5) УИАнын вице-президентине, башкы окумуштуу катчысына талапкерлерди жана УИАнын президиумунун курамын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна жана бекитүүсүнө киргизет;
6) УИАнын жалпы чогулушуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет;
7) УИАнын бөлүмдөрүнүн, УИАнын региондук бөлүмдөрүнүн, УИАнын илимий мекемелеринин жана башка бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
8) УИАнын президиумунун макулдугу менен республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды, ошондой эле УИАнын жайларын ижарага берүүдөн алынган каражаттарды илимий жана башка мекемелер менен уюмдардын, УИАнын фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөр программасына ылайык кыйла келечектүү багыттар боюнча программалардын ортосунда бөлүштүрөт;
9) УИАнын илимий-изилдөө мекемелеринин жана башка бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык санынын чегин белгилейт;
10) УИАнын борбордук аппаратынын түзүмүн, штаттык расписаниесин жана УИАнын борбордук аппараты жөнүндө жобону бекитет;
11) УИАнын борбордук аппаратынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
12) илим боюнча ар жылдык улуттук баяндамага кол коёт жана Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтөт;
13) жылдык отчетко кол коёт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтөт;
14) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
15) УИАга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
16) УИАнын президиумуна УИАнын мүчөлөрүнө алардын академиялык наамдарына байланыштуу стипендияларды төлөөнү токтотуп туруу жөнүндө маселени кароону демилгелейт;
17) башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
58. УИАнын президентинин ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча;
2) жеке арызы боюнча;
3) ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда;
4) ал аракетке жөндөмсүз деп таанылган учурда;
5) оорусуна байланыштуу милдеттерин аткаруу мүмкүн болбогондо;
6) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган негиздер боюнча;
7) каза болгон учурда.
59. Кыргыз Республикасынын Президенти бош орун пайда болгон учурда белгиленген ченемдерге ылайык УИАнын президентин дайындайт.
60. УИАнын президенти жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын УИАнын вице-президенти аткарат.
61. УИАнын вице-президенти УИАнын президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат.
62. УИАнын вице-президенти:
1) УИАнын илимий изилдөөлөрүн координациялоону, алардын сапатын, натыйжалуулугун, фундаменталдык жана колдонмо илимдерди өнүктүрүү боюнча максаттуу багытын жогорулатууну жүзөгө ашырат;
2) УИАнын инновациялык ишин уюштурууну камсыз кылат;
3) илимий ишти популярдаштыруу боюнча УИАнын илимий мекемелеринин күч-аракеттерин бириктирет;
4) УИАнын илимий-басма ишин тескейт;
5) УИАнын борбордук аппаратынын ишин уюштурат;
6) атайын эсептердин каражаттарынын эсебинен УИАнын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана УИАнын кызматкерлерин жана жаш окумуштууларын социалдык колдоо боюнча иштерди жүргүзөт;
7) УИАнын президентинин өзүнчө тапшырмаларын аткарат.
63. УИАнын башкы окумуштуу катчысы УИАнын президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат.
64. УИАнын башкы окумуштуу катчысы:
1) илимий изилдөөлөрдүн сапатын, натыйжалуулугун, фундаменталдык жана колдонмо илимдерди өнүктүрүү боюнча максаттуу багытын жогорулатуу максатында УИАнын илимий изилдөөлөрүнө илимий-уюштуруучулук жетекчиликти камсыз кылат;
2) илим боюнча улуттук баяндаманын материалдарын чогултат жана долбоорун даярдайт;
3) УИАнын жалпы чогулуштарында УИАнын илимий жана илимий-уюштуруучулук иши жөнүндө жылдык отчетту берет;
4) УИАнын илимий мекемелеринин диссертациялык кеңештеринин ишине көмөк көрсөтөт;
5) илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча ишти координациялайт;
6) УИАнын жалпы чогулушунун жана УИАнын президиумунун токтомдорунун жана чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
7) УИАнын президентинин жана УИАнын вице-президентинин өзүнчө тапшырмаларын аткарат.
6-глава. УИАнын мекемелери жана ишинин формалары
65. УИА илимий-тармактык жана аймактык принциптер боюнча түзүлөт.
66. УИА өзүнүн курамында илимий мекемелерге - илимий-изилдөө институттарына, илимий, илимий-өндүрүштүк бирикмелерге жана борборлорго, технопарктарга, өндүрүштүк-технологиялык уюмдарга, ошондой эле юридикалык жак болуп саналган жана УИАнын президиуму бекиткен уставдардын негизинде иштеген башка түзүмдүк бөлүмдөргө ээ болууга укуктуу.
67. УИА жана УИАнын илимий мекемелери инновациялык ишти жана технологиялар трансферин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө", "Инновациялык иш жөнүндө", "Технологиялык парктар жөнүндө", "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык технологиялар трансферинин инфраструктурасын (технопарктар, чарбалык коомдор, инновациялык венчур фонддору, технологиялар трансфери жана интеллектуалдык менчик борборлору ж.б.) түзүүгө жана өнүктүрүүгө укуктуу.
Түзүмдөрдүн ишинин тартиби УИАнын президиуму тарабынан бекитилүүчү технологиялык парктар, чарбалык коомдор, инновациялык венчур фонддору, технологиялар трансфери жана интеллектуалдык менчик борборлору жөнүндө жоболор менен жөнгө салынат.
68. УИАнын түзүмүнө илимдин тармактары жана багыттары боюнча УИАнын окумуштууларын бириктирген бөлүмдөр (анын ичинде региондук), илимий-изилдөө институттары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык багы, Борбордук илимий китепкана, илимий борборлор, бөлүмдөр, лабораториялар, станциялар, басмакана, архив, музейлер, долбоордук-өндүрүштүк уюмдар, эксперименттик базалар, экспедициялар жана башка илимий, илимий-көмөкчү мекемелер кирет.
69. Илимий, илимий-техникалык, инновациялык, илимий-уюштуруучулук, патенттик-лицензиялык, метрологиялык, маалыматтык-басма, чарбалык жана башка ишти камсыз кылуу үчүн УИАнын курамында атайын каражаттардын жана/же негизги иштен түшкөн кирешелердин эсебинен эксперименттик, тажрыйба-конструктордук, ишке киргизүүчү уюмдар жана мекемелер, илимий тейлөө жана социалдык чөйрө уюмдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына, ушул Уставга жана өздөрүнүн уставдарына ылайык иш жүргүзгөн башка уюмдар, мекемелер жана ишканалар түзүлүшү мүмкүн.
70. УИАнын илимий-изилдөө ишинин негизги түзүмдүк звеносу болуп юридикалык жактын статусу бар институт саналат, анын негизги максаты болуп фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү эсептелет. Институт экономикалык, социалдык жана уюштуруу маселелерин өз алдынча чечет, ошондой эле чет өлкөлүк илимий жана өндүрүштүк жамааттар жана окумуштуулар менен илимий байланыштарды түзөт.
71. УИАнын илимий-изилдөө же илимий-көмөкчү мекемесинин жетекчиси болуп 70 жаштан улуу эмес, тиешелүү профилдеги окумуштуулук даражасы жана квалификациясы бар адистердин ичинен УИАнын президенти тарабынан дайындалган директор саналат.
72. УИАнын илимий-изилдөө мекемелеринин жана башка уюштуруучулук түзүмдөрүнүн жетекчилерине ушул Уставдын жоболору, ошондой эле "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ченемдери колдонулат.
73. УИАнын бөлүмдөрү илимдин бир же бир нече тармактары боюнча УИАнын мүчөлөрүн, ошондой эле институттардын жана ошол бөлүмгө кирген башка мекемелердин илимий кызматкерлерин бириктирүүчү илимий жана илимий-уюштуруу борборлору болуп саналат.
74. УИАнын бөлүмдөрүнүн ишин уюштуруу ушул Устав жана УИАнын жалпы чогулушунда бекитилген УИАнын бөлүмдөрү жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
75. Бөлүмдөрдүн курамында илимий-изилдөө институттары, илимий, илимий-өндүрүштүк борборлор жана башка илимий бөлүмдөр болушу мүмкүн.
76. Бөлүмдөр фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндө өз багыттары боюнча иштерди координациялоону камсыз кылат.
77. Бөлүмдүн жогорку органы болуп бул бөлүм боюнча шайланган УИАнын мүчөлөрүнөн, бөлүмдүн илимий жана башка мекемелеринин жетекчилеринен, ошондой эле бул бөлүмгө кирген УИАнын жетектөөчү окумуштууларынан турган бөлүмдүн жалпы чогулушу саналат.
78. УИАнын президенти бул бөлүмдө турган УИАнын академиктеринин ичинен УИАнын бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындайт.
79. Бөлүмдөрдүн жетекчилерине ушул Уставдын жоболору, ошондой эле "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери колдонулат.
80. УИАнын бөлүмдөрүнүн, илимий-изилдөө мекемелеринин жана башка уюштуруучулук түзүмдөрүнүн жетекчилери УИАнын президенти тарабынан төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулат:
1) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган учурларда;
2) соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу;
3) 75 жашка чыкканда;
81. Фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү иштин багыттарын жалпы координациялоо үчүн УИАда илим жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндөгү фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр боюнча координациялык кеңеш түзүлөт, анын ишине УИАнын бөлүмдөрү түздөн-түз катышат.
82. Координациялык кеңештин курамы УИАнын бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн, илимдин тиешелүү багыттарындагы республиканын окумуштууларынын ичинен УИАнын президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
83. Координациялык кеңештин ишинин тартиби жана фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү иштин багыттарын координациялоо механизмдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү координациялык кеңеш жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
84. Кыргыз Республикасынын окумуштууларынын, адабият, маданият жана искусство ишмерлеринин кол жазмаларын, ошондой эле УИАнын мекемелеринин архивдик материалдарын жана илим менен тарых үчүн баалуулукту жараткан башка материалдарды сактоо үчүн УИАда илимий архив түзүлөт.
85. УИАнын илимий архивинин түзүмү жана ишинин тартиби УИАнын президиуму бекиткен жобо менен белгиленет.
86. УИА маалыматтык-басма ишин, анын ичинде расмий илимий мезгилдүү басылмаларды басып чыгаруу, ошондой эле башка өлкөлөрдүн илимий мекемелери, жогорку окуу жайлары жана мекемелеринин китепканалары менен басылмаларды алмашуу ишин жүргүзөт.
87. Илимий жана илимий-изилдөө иштерин жарыялоо жана жайылтуу үчүн УИА басмаларды түзөт.
7-глава. Ишти каржылоо
88. УИАнын илимий мекемелерин каржылоо (базалык, программалык-максаттуу жана гранттык) формалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
89. УИАнын илимий мекемелеринин финансылык каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) республикалык бюджеттин каражаттарынын;
2) биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардан жана фонддордон чегерүүлөрдүн;
3) өздүк өндүрүштөгү товарларды сатуудан түшкөн каражаттардын;
4) жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк жеке жана юридикалык ыктыярдуу төгүмдөрүнүн жана кайрымдуулук каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын;
5) мамлекеттик заказ боюнча мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларга жана долбоорлорго катышуунун жана аткаруунун;
6) УИАнын жайларын ижарага берүүдөн же материалдык-техникалык базасын убактылуу пайдаланууга берүүдөн алынган кирешелердин;
7) илимий-изилдөө, билим берүү, маалыматтык-басма, илимий-консультациялык жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка иштерден түшкөн каражаттардын.
90. Илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр да саналат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илим фонду;
2) бюджеттен тышкаркы фонддор;
3) кредиттер жана гранттар;
4) тышкы жана ички инвестициялар.
91. Акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө тарифтер УИА тарабынан өз алдынча белгиленет.
92. УИАнын илимий мекемелерин каржылоо республикалык бюджеттен өзүнчө сап менен жүзөгө ашырылат, анын ичине илимий мекемелерди базалык каржылоо, мамлекеттик заказ боюнча аткарылуучу мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду программалык-максаттуу каржылоо, ошондой эле академиялык илимий инфраструктураны финансылык камсыздоо кирет.
93. УИАнын илимий кызматкерлери тарабынан аткарылуучу мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду программалык-максаттуу каржылоо конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылат жана өзүнчө каржыланат.
94. УИАнын илимий мекемелери, айрым окумуштуулары жана окумуштуулар топтору илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илим фондунан илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн гранттарды алууга конкурска катыша алат.
95. Илимий жамааттар жана айрым окумуштуулар УИАнын президиуму аркылуу бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы илим жана техника фонддорунун, региондук жана тармактык илимий изилдөө фонддорунун, жамааттык, кайрымдуулук жана башка фонддордун каражаттарынан алар сунуштаган долбоорлорду каржылоо боюнча сунуштар менен кайрылууга жана тиешелүү конкурстарга катышууга укуктуу.
96. УИАнын илимий кызматкерлеринин мамлекеттик заказ түрүндөгү мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду аткарууга конкурска катышуу тартиби жана аталган кошумча илимий-изилдөө иштерин аткаруу үчүн акы төлөө УИАнын президиумунун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган тартипте жана формаларда, аткарылган иш жөнүндө отчет бекитилгенден кийин ар бир илимий-изилдөө уюму үчүн өзүнчө белгиленет.
97. Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө гранттар боюнча алынган финансылык каражаттарды тескөө теманын, программанын, долбоордун илимий жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
98. Каржылоо булагына (бюджеттик каражаттар, гранттар, кредиттер) карабастан илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө, анын ичинде мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду жүргүзүүгө алынган финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышы үчүн мекеменин жетекчиси, теманын, программанын же долбоордун илимий жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.
99. Бекитилген бюджеттик ассигнованиелерге ылайык бюджеттик каражаттарды пайдалануунун майнаптуулугун, натыйжалуулугун жана даректүүлүгүн УИАнын президенти камсыз кылат.
8-глава. Мүлктү башкаруу
100. УИАнын мүлкү УИАнын оперативдүү башкаруусунда турган мамлекеттик менчик болуп саналат.
101. Мамлекет УИАга негизги жана жүгүртүү фонддору, жерди жана башка мамлекеттик мүлктү УИАнын ишинде пайдалануу үчүн мөөнөтсүз жана акысыз пайдаланууга берет.
102. УИАга өткөрүлүп берилген негизги жана жүгүртүү фонддору жана башка мамлекеттик мүлк алып коюлууга жана башка уюмдарга өткөрүп берилүүгө, ошондой эле менчиктештирилүүгө тийиш эмес.
103. УИА өз каражаттарынын эсебинен алынган материалдык-техникалык базаны УИАнын президиумунун макулдугу менен өз алдынча тескөөгө укуктуу.
104. УИАнын жайларын ижарага берүүдөн же материалдык-техникалык базасын убактылуу пайдаланууга берүүдөн алынган киреше мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү боюнча ченемдик укуктук актыларга ылайык бөлүштүрүлөт.
105. УИА алынган пайданы материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө, инфраструктураны күтүүгө жана анын кызматкерлерин социалдык колдоого пайдалануу менен ага оперативдүү башкарууга берилген мамлекеттик мүлктү ушул Уставда уруксат берилген жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген иштин бардык түрлөрүн, анын ичинде тажрыйба-конструктордук, өндүрүштүк, инновациялык жана коммерциялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланат.
106. УИАнын мүлкүнө ээлик кылуу, аны пайдалануу жана тескөө маселелеринин бардыгы Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары жана ушул Устав менен аныкталат.
9-глава. УИАнын өз ара мамилелери
107. УИА өз ишинде "Илим жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Уставда, илим жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларда аныкталган милдеттердин жана функциялардын алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет.
108. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары УИАга өз милдеттерин жана функцияларын ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.
109. УИА өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга, алардан өзүнүн суроо-талаптарына жооп алууга укуктуу.
110. УИАнын ишине тиешелүү маселелер каралып жаткан учурда УИАнын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегияларынын, илимий-техникалык кеңештеринин жыйналыштарына жана башка кеңешмелерине катышууга укуктуу.
111. УИА ЖОЖдор жана илимий-изилдөө уюмдары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар, илимий жана илимий-техникалык коомдор менен кызматташуунун ар кандай формаларын пайдаланат.
112. УИА өз ара пайдалуу жана тең укуктуу негизде илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзгөн, колдогон жана практика жүзүндө ишке ашырган жеке жана юридикалык жактар, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдар, чет өлкөлүк окумуштуулар менен, анын ичинде башка мекемелерде иштеген УИА мүчөлөрүнүн ишине таянуу менен кызматташат.
113. УИА өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштин субъекттерине кайрылууга, алардын өзүнүн суроо-талаптарына жооп алууга укуктуу.
114. УИАнын ишине тиешелүү маселелер каралган учурда УИАнын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштин субъекттеринин коллегияларынын, илимий-техникалык кеңештердин жыйналыштарына жана башка кеңешмелерине катышууга укуктуу.
115. УИАнын илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштин субъекттери менен кызматташуусунун негизги формалары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) биргелешкен программалардын, пландардын, долбоорлордун алкагында илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды координациялоо жана аткаруу;
2) Кыргыз Республикасынын илимий мекемелеринин жана ЖОЖдорунун окумуштууларын жана адистерин УИАнын илимий мекемелеринде изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткарууга тартуу;
3) Кыргыз Республикасынын илимий уюмдары жана ЖОЖдору тарабынан жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдү жана инновациялык иштеп чыгууларды аткарууга УИАнын окумуштууларынын жана адистеринин катышуусу;
4) Кыргыз Республикасынын илимий мекемелеринде жана ЖОЖдорунда адистерди жана илимий кызматкерлерди даярдоого УИАнын окумуштууларынын катышуусу;
5) биргелешкен илимий жана илимий-практикалык сессияларды, конференцияларды, кеңешмелерди, симпозиумдарды, семинарларды өткөрүү;
6) окумуштуулардын жана илимий мекемелердин илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын УИАнын мезгилдүү басылмаларында жарыялоо;
7) мамлекеттик органдардын, илимий уюмдардын, жогорку билим берүү мекемелеринин окумуштууларынын жана адистеринин УИАнын жалпы чогулушунун жана анын президиумунун ишине, ошондой эле УИА, УИАга баш ийген илимий уюмдар жана башка юридикалык жактар тарабынан түзүлгөн координациялык, илимий жана илимий-техникалык кеңештердин, бөлүмдөрдүн курамында катышуусу.
116. Фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү иштин багыттарын координациялоонун алкагында УИА республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен илимий изилдөөлөрдү аткаруучу Кыргыз Республикасынын илимий, илимий-техникалык уюмдарынан, ЖОЖдорунан жүргүзүлгөн фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдүн абалы жана натыйжалары жөнүндө маалыматтарды суроого жана алууга, ошондой эле алар тарабынан аткарылуучу илимий изилдөөлөрдүн жана иштердин абалына, деңгээлине баа берүүгө укуктуу.
117. УИА жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн уюмдар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн, технологиялык абалынын актуалдуу маселелери боюнча, фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдүн бардык багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдүн комплекстүү планын түзөт.
118. Эгерде бул фундаменталдык жана колдонмо илимдердин интеграциясына, өндүрүштү техникалык жана технологиялык жактан өркүндөтүүгө, экономиканын өсүшүнө, социалдык өнүктүрүүгө, жалпысынан илимди колдоого көмөк көрсөтсө, УИА ассоциацияланган мүчө укугунда илимий институттарды, долбоорлоо-изилдөө жана долбоорлоо-конструктордук уюмдарды, өндүрүштүк ишканаларды, академиялык системага кирбеген, менчиктин жана ведомстволуктун ар кандай формаларындагы окуу жайларды келишимдик негизде өзүнүн курамына киргизип алууга укуктуу.
119. УИА өзүнүн ассоциацияланган түзүмдөрүн келишимдик шарттарда кадрдык ресурстар менен камсыз кылат, алардын кызматкерлерин илимий ишке жана стажировкадан өтүүгө тартат, аларга өзүнүн материалдык-техникалык базасын, маалыматтык-китепкана фондун пайдалануу үчүн берет, алардын эмгектерин басып чыгарат, аспирантурага жана докторантурага кабыл алат.
120. УИА эл аралык илим алмашуунун эл аралык практикада кабыл алынган формаларын жана каражаттарын пайдаланат, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруу үчүн кызыкдар чет өлкөлүк уюмдарды, ишканаларды жана фирмаларды тартат, алар менен белгиленген тартипте атайын каражаттардын жана/же негизги иштен түшкөн кирешелердин эсебинен пайда көрүүнү көздөбөстөн уставдык максаттарга жетүү үчүн юридикалык жак статусу жок биргелешкен ишканаларды, илимий-окутуу борборлорун жана башка уюмдарды түзөт.
121. УИА Кыргыз Республикасынын эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык илимий мекемелерди жана уюмдарды түзүүгө катышат, эл аралык уюмдарга кирет, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине, Евразия экономикалык бирлигине, Шанхай кызматташтык уюмуна катышуучу мамлекеттердин илимдер академиялары, башка илимий мекемелери жана ЖОЖдору менен байланыш түзөт жана тыгыз өз ара аракеттенет, өз ара пайдалуу негизде илимий-изилдөө ишинин натыйжаларын, илимий маалыматтарды, басылмаларды, илимий-изилдөө ишинин деңгээлин жана натыйжалуулугун жогорулатуу методдорун алмашууну жүзөгө ашырат, илимий программаларды биргелешип аткарат.
122. УИА эл аралык илимий алмашуунун эл аралык практикада кабыл алынган формаларын жана каражаттарын пайдаланат: илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруу үчүн кызыкдар чет өлкөлүк уюмдарды, юридикалык жактарды тартат, алар менен белгиленген тартипте илимий жана техникалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн биргелешкен мекемелерди, ишканаларды, илимий-окутуу борборлорун жана башка уюмдарды түзөт.
123. Эл аралык байланыштарды ишке ашыруу үчүн УИА өзүнүн компетенциясынын алкагында төмөнкүлөр жөнүндө чечимдерди кабыл алат:
1) чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзүү;
2) эл аралык уюмдарга кирүү;
3) чет өлкөлөргө иш сапарларга жиберилүүчү УИАнын окумуштууларын каржылоонун ченемдери;
4) илимий иштер жана башка максаттар үчүн УИАга кабыл алынган чет өлкөлүк окумуштууларга тейлөөнүн бардык түрлөрүнө чыгымдардын көлөмү жана төлөмдөрдүн өлчөмдөрү.
10-глава. УИАнын кызматкерлерин материалдык жана социалдык колдоо
124. УИАнын кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
125. УИАнын штаттык санынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын чеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
126. УИАнын мүчөлөрүнүн, илимий кызматкерлеринин, УИАнын адистеринин, тейлөөчү персоналынын социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн УИАнын илимий уюмдарынын атайын эсебинин каражаттарынын чегинде эмгек акы төлөө фондуна кирбеген жана орточо эмгек акыны, эмгек өргүү акысын, жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны эсептөөдө эсепке алынбаган дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр белгилениши мүмкүн, ошондой эле кызматтык маяналарга дифференцияланган үстөктөр белгиленет жана тартылган каражаттардын чегинде материалдык жардам көрсөтүлөт.
127. Жогорку сапаттагы илимий продуктуну түзүүгө дем берүү, дүйнөлүк илимий мейкиндикке интеграциялоо жана көрүнүктүү жетишкендиктерди колдоо максатында УИАда атайын эсептердин каражаттарынын эсебинен илимий натыйжалар үчүн дем берүүчү төлөмдөр системасы белгиленет.
Дем берүүчү төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу тартиби, өлчөмдөрү жана шарттары, ошондой эле натыйжалуулуктун башка критерийлери УИАнын президиуму бекиткен жобо менен жөнгө салынат.
128. УИАнын кызматкерлери жана алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз медициналык тейлөөнү пайдаланат.
129. УИАнын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү УИАнын санаторийлеринде, пансионаттарында, эс алуу үйлөрүндө жана туристтик базаларында санаториялык-курорттук дарыланууга укуктуу.
130. Мамлекет УИАнын илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерин социалдык коргоону камсыз кылуу үчүн төмөнкү жол менен шарттарды түзөт:
1) Кыргыз Республикасынын эмгек акы төлөө жаатындагы мыйзамдарына ылайык илимдин докторлоруна, кандидаттарына жана PhD докторлоруна окумуштуулук даражасы үчүн эмгек акысына үстөктөрдү белгилөө;
2) мамлекеттик илимий мекемелерде иштеген илимдин докторлоруна (профессорлоруна) жана кандидаттарына узактыгы тиешелүү түрдө 48 жана 36 жумуш күн болгон эмгек өргүүсүн берүү;
3) мамлекеттик илимий мекемелерде жана илимий-техникалык уюмдарда иштеген илимдин докторлоруна (профессорлоруна) жана кандидаттарына Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жеңилдиктерди берүү.
11-глава. Корутунду жоболор
131. Ушул Устав УИАнын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда кабыл алынат, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте катталат.
132. Ушул Уставга түзөтүүлөр УИАнын жалпы чогулушунун чечими боюнча киргизилет жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет.