Редакцияот 16.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын

3-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 16-майы № 36

 

Токтогулова Азияга “Ардактуу атуул”

наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Тоткогулова Азияга Семетей айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндөгү Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловдун сунуштамасын айылдык кеңеш угуп, талкуулап;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кайыңды айылынын тургуну, даанышман эне, кутман апа, республикалык ардактуу апа төш белгисинин жана көптөгөн сыйлыктардын ээси, Тоткогулова Азиянын үзүрлүү көп жылдык эмгегин жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Семетей айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйларылсын.

 

2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы З.Шабданбекова “Ардактуу атуул” жазуу лентасы, төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов