Редакцияот 16.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 16-августундагы № 31/V-28

Муниципалдык менчикте турган жер участокторун сатуу жөнүндө

Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Алиев О.М. "Муниципалдык менчикте турган жер участокторун тоорукка коюу жөнүндө" маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин п.1-2-пункттарына ылайык жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 39-беренелеринин негизинде айылдык аймактын жашоочулары үчүн шарттарды түзүү жана жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында Ак-Кудук айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1. Муниципалдык менчикте турган төмөнкү жер участоктору сатылсын:

-Первомайское а., Пионерская көчөсү н/ж , аянты – 1060,0м2

- Первомайское а., МТФ №3 көчөсү №13/2 аянты – 1000,0 м2

-Милянфан а, Шиваза көчөсү №13,аянты -167,54 м2

1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнө:

 

-бул токтом Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин mkk.gov.kg. сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Кудук айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын,

 

 

Ак-Кудук айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Кенжебек уулу А