Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 04-февралы № 04
Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 12 айдын ичиндеги аткарылган иштер жөнүндө отчету
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын №49 беренесинин негизинде, Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 12 айдын ичиндеги аткарылган иштер жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылды;
1. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 12 айдын ичиндеги аткарылган иштер жөнүндө отчету канааттандырарлык деп эсептелсин.
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек Юстициялык Башкармалыгына каттоого жиберсин.
2. Ушул токтом тиркемеси менен Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Жооптуу катчы бул токтомдун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине каттоо үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төраганын у.м.а |
| А.Т. Урманбетов |