Редакцияот 16.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 16-августундагы № 32/V-28

Ак-Кудук айыл аймагынын Милянфан айылынын баш планын бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 токтомунун негизинде Милянфан айылынын башкы планын макулдашуу жана бекитүү жөнүндө маселени карап чыгып Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 1-пунктунун негизинде Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ак-Кудук айыл аймагынын Милянфан айылынын баш планы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Ак-Кудук айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Кенжебек уулу А