Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 47 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында илим жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндө фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында илим жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндө фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр боюнча координациялык кеңеш (мындан ары -Координациялык кеңеш) илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы мамлекеттик саясаттын милдеттерин ийгиликтүү аткарууга багытталган илимий изилдөөлөрдү макулдашуу процесстерин жана иретке келтирүү тартибин жөнгө салуу максатында түзүлгөн коллегиялуу илимий эксперттик орган болуп саналат.
2. Координациялык кеңештин иши улантуучулукту камсыз кылууга, интеграцияны өнүктүрүү, инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү, ошондой эле илимпоздор менен өндүрүштүн ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылган башкаруу системасы аркылуу жетишилген натыйжалуулукту жогорулатуу жана инновацияларды түзүү үчүн теориялык изилдөөлөр (жаңы билимдерди алууга багытталган) менен практикалык изилдөөлөрдүн (конкреттүү маселелерди чечүүгө багытталган) ортосундагы байланышты күчөтүүгө багытталган.
3. Координациялык кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Илим жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Координациялык кеңештин ишин уюштурууну жана техникалык жактан камсыз кылууну катчылык - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (мындан ары - УИА) борбордук аппаратынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү жүзөгө ашырат.
2-глава. Координациялык кеңештин ишинин принциптери жана максаты
5. Фундаменталдык жана колдонмо илимдерди координациялоону жүзөгө ашыруу төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында илимий жана (же) илимий-техникалык иштин артыкчылыктуулугу;
2) илимий жана (же) илимий-техникалык иштин субъекттеринин ачыктыгы, объективдүүлүгү жана тең укуктуулугу;
3) илимий, илимий-техникалык долбоорлордун жана программалардын экспертизасынын объективдүүлүгү жана көз карандысыздыгы;
4) билим берүүнүн, илимдин жана практиканын биримдиги жана өз ара байланышы;
5) улантуучулук жана илимий прогресс.
6. Фундаменталдык жана колдонмо илимдерди координациялоо төмөнкүдөй максаттарды көздөйт:
1) социалдык-экономикалык милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөтүүчү илимди өнүктүрүү үчүн негизги багыттарды аныктоо менен илимий артыкчылыктарды макулдашуу;
2) инновацияларды стимулдаштыруу - теориялык ачылыштардан практикалык иштеп чыгууларга жана технологияларга өтүүнү колдоо;
3) финансылык, кадрдык жана материалдык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга алып келүүчү ресурстарды оптималдаштыруу;
4) келечекте жаңы колдонмо иштеп чыгуулар үчүн негиз болуп кызмат кылуучу фундаменталдык илимдин өнүгүшүн камсыз кылуу.
3-глава. Координациялык кеңештин милдеттери жана функциялары
7. Координациялык кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишти өнүктүрүүнүн стратегиялык векторун түзүү;
2) фундаменталдык жана колдонмо илимдердин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
3) илимди өнүктүрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен каржылоонун көлөмүн аныктоо, бөлүштүрүү жана экономиканын артыкчылыктуу секторлорунда технологияларды коммерциялаштырууну стимулдаштыруу боюнча сунуштамаларды даярдоо;
4) фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндө мамлекеттик программалардын максаттуу багыттарын баалоо;
5) Кыргыз Республикасынын Президентине берилүүчү илим боюнча улуттук баяндаманын түзүмүн жана концептуалдык алкактарын түзүү;
6) илим чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
8. Координациялык кеңеш төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) фундаменталдык жана колдонмо илимдерди өнүктүрүү боюнча ишти координациялоону камсыз кылуу;
2) ар кандай илимий багыттар үчүн биргелешкен узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү пландарды аныктоо;
3) ар кандай изилдөө топторунун жана ведомстволорунун ишин координациялоого, ошондой эле илимий-техникалык ишке бизнести тартууга мүмкүндүк берген башкаруу механизмдерин түзүү;
4) Кыргыз Республикасынын Президентине берилүүчү илим боюнча улуттук баяндаманын түзүмүн жана концептуалдык жоболорун аныктоо;
5) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайларынын жана башка уюмдардын жетекчилерине илимди өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштамаларды киргизүү.
4-глава. Координациялык кеңештин укуктары жана милдеттери
9. Координациялык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жүргүзүлгөн фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдүн абалы жана натыйжалары жөнүндө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайларынын жетекчилеринен зарыл материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга, алар аткарган фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдүн абалына жана деңгээлине баа берүүгө;
2) өзүнүн жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайлардын кызмат адамдарын, ошондой эле жарандык коомдун, бизнес секторунун өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди чакырууга, алардын пикирлерин жана сунуштарын угууга;
3) киргизилип жаткан сунуштамаларды жана сунуштарды аткаруунун натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымат берүүгө.
10. Координациялык кеңеш төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өз ишин улуттук кызыкчылыктардын жана экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыгынын алкагында жүзөгө ашырууга;
2) бардык кызыкдар тараптардын Координациялык кеңештин ишине катышуусун камсыз кылууга;
3) берилген сунуштамалардын жана сунуштардын аткарылышын контролдоого.
5-глава. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу жана курамын түзүү
11. Координациялык кеңеш табигый, техникалык, медициналык, айыл чарба, коомдук жана гуманитардык илимдер багыттары боюнча республикадагы окумуштуулардын, УИАнын бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн ичинен 30 адамдан турган курамда түзүлөт.
12. Координациялык кеңештин төрагасы УИАнын президенти болуп саналат.
13. Координациялык кеңештин персоналдык курамы УИАнын президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
14. Координациялык кеңештин төрагасынын 2 орун басары болот.
15. Координациялык кеңештин төрагасы жок учурда анын функцияларын Координациялык кеңештин төрагасынын орун басарлары белгиленген тартипте аткарат.
16. Координациялык кеңештин төрагасы:
1) Координациялык кеңештин ишин уюштурат;
2) Координациялык кеңештин жыйналыштарында төрагалык кылат;
3) Координациялык кеңештин атынан иштейт жана мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, илимий мекемелерде, жогорку окуу жайларында жана башка уюмдарда анын атынан чыгат;
4) Координациялык кеңештин иши жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымат берет;
5) Координациялык кеңештин иш пландарынын жана чечимдеринин аткарылышына жалпы контролду жүзөгө ашырат.
17. Координациялык кеңештин төрагасынын орун басарлары:
1) Координациялык кеңештин чечимдерин аткаруу боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ишин уюштурат;
2) Координациялык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткарат;
3) Координациялык кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдойт.
18. Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
1) Координациялык кеңештин жыйналыштарына катышат, каралып жаткан маселелерди талкуулоого жана чечимдерди иштеп чыгууга катышат;
2) Координациялык кеңештин иши жөнүндө сунуштарды киргизет;
3) Координациялык кеңештин жетекчилигинин тапшырмаларын аткарат.
6-глава. Координациялык кеңештин ишинин тартиби
19. Координациялык кеңеш өз ишин жыйналыштар түрүндө жүзөгө ашырат.
20. Координациялык кеңештин жыйналыштары зарылчылыкка жараша, бирок 3 айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
21. Координациялык кеңештин мүчөлөрү анын жыйналыштарына жеке өздөрү катышат.
22. Координациялык кеңештин иш планы Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде бир жылга түзүлөт жана анын жыйналышында бекитилет.
23. Координациялык кеңештин иш планынын долбоорун иштеп чыгуудагы сунуштар актуалдуу болууга, кароого киргизилүүчү маселелердин туюнтулушун, аларды кароонун датасын, баяндамачылардын (кошумча баяндамачылардын) жана Координациялык кеңештин жыйналышына материалдарды даярдоого жооптуу адамдардын фамилияларын жана инициалдарын камтууга тийиш.
24. Координациялык кеңештин жыйналышына киргизилүүчү маселелерди кароонун максатка ылайыктуулугунун негиздемеси кыскача жазуу жүзүндөгү түшүндүрмө (маалымкат) формасында баяндалат.
25. Координациялык кеңештин жыйналыштарында кароо үчүн тиешелүү материалдарды даярдоо жүктөлгөн жооптуу адамдар иш планына ылайык алардын сапаты жана катчылыкка өз убагында берүү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
26. Координациялык кеңештин жыйналышына материалдар катчылыкка анын жыйналышын өткөрүү күнүнө чейин 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен берилет.
27. Координациялык кеңештин төрагасынын чечими боюнча жана анын мүчөлөрүнүн сунушу боюнча жыйналыштын күн тартибине Координациялык кеңештин иш планында каралбаган маселелер киргизилиши мүмкүн.
28. Координациялык кеңештин жыйналышынын күн тартиби, датасы, убактысы жана өткөрүү орду Координациялык кеңештин төрагасы тарабынан аныкталат жана жыйналышты өткөрүү датасына чейин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен УИАнын расмий веб-сайтында жайгаштырылат.
29. Координациялык кеңештин кезектеги жыйналышына даярдык көрүүдө жана жооптуу аткаруучулардан материалдарды алууда катчылык Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жыйналышты өткөрүү күнүнө чейин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен аларды электрондук почта аркылуу таркатууну уюштурат.
30. Материалдарды башка адресаттарга жиберүү Координациялык кеңештин төрагасы менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
31. Координациялык кеңештин мүчөлөрүндө же жыйналыштардын катышуучуларында талкууланып жаткан маселелер боюнча сунуштар (сунуштамалар, сын пикирлер) бар болгондо, өз сунуштарын жазуу жүзүндө киргизүүгө укуктуу, алар жыйналыштын материалдарына тиркелет.
32. Координациялык кеңештин жыйналыштарына чакырылуучу адамдарды маалымдоо катчылык тарабынан тизмеге ылайык жыйналышты өткөрүү датасына чейин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен жүзөгө ашырылат.
33. Координациялык кеңештин жыйналышы анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан шартта укуктуу деп эсептелет.
34. Координациялык кеңештин чечимдери катышкандардын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
35. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн добуштары тең санда болгон учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
36. Координациялык кеңештин жыйналышынын протоколу катчылык тарабынан жүзөгө ашырылат.
37. Протоколго жыйналышка төрагалык кылуучу жана катчы кол коет.
38. Координациялык кеңештин чечимдерине Координациялык кеңештин төрагасы же болбосо жыйналышта төрагалык кылган адам жыйналышты өткөрүү күнүнөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирбестен кол коёт.
39. Катчылык Координациялык кеңештин чечимдерин анын мүчөлөрүнө электрондук почта аркылуу таратууну уюштурат жана кол коюлган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен УИАнын расмий веб-сайтына жайгаштырат.
40. Координациялык кеңештин жыйналыштарын үн жазуу, видео- жана фото тартуу Координациялык кеңештин төрагасы (төрагалык кылуучу) менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
41. Координациялык кеңештин катчылыгы:
1) Координациялык кеңештин жыйналыштарын даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу уюштуруу иш-чараларын жүзөгө ашырат (күн тартибин жана жыйналыштын катышуучуларынын тизмесин түзүү, анын мүчөлөрүнө жыйналышты өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө маалымат берүү);
2) Координациялык кеңештин жыйналышына материалдарды даярдайт жана таратат;
3) Координациялык кеңештин иш планынын долбоорун даярдайт жана аны бекитүүдөн кийин аны Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө электрондук почта аркылуу таркатат;
4) Координациялык кеңештин жыйналыштарынын өтүүсүн камсыз кылат (аны өткөрүү убактысын жана ордун тактоо, катышуучуларды каттоо, протокол жазуу).