Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-сентябры № 33/V1-28
Ак-Кудук айыл аймагынын ритуалдык иш-чараларын өткөрүү Эрежесин бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин сессиясында айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан "Ак-Кудук айыл аймагынын ритуалдык иш-чараларын өткөрүү эрежелерин" карап жана талкуулап чыгып, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин жана 34-беренесинин 13-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамына ылайык токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл аймагынын ритуалдык иш-чараларын өткөрүү Эрежелери бекитилсин.
2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнө:
- айыл башчылары кабыл алынган Эрежеге ылайык иш алып барууга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Кудук айылдык кеңешинин төрагасы |
Кенжебек уулу А |