Редакцияот 16.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын

3-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 16-майы № 42

 

Кенжегараева Уулкан Токтоналиевнага “Ардактуу атуул”

наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Кенжегараева Уулкан Токтоналиевнага Семетей айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндөгү Семетей айылдык кеңешинин депутаты А.Субанбекованын сунуштамасын айылдык кеңеш угуп, талкуулап;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет тили сабагынын мугалими, эл агартуунун отличниги, “Даткайым” медалынынын ээси, Кенжегараева Уулкан Токтоналиевна билим берүүгө синирген үзүрлүү көп жылдык эмгегин жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн, Семетей айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйларылсын.

 

2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы З.Шабданбекова “Ардактуу атуул” жазуу лентасы, төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов