Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 04-февралы № 05
2025-ж.бюджетинин аткарылышы,2026-жылга бюджеттин бекитилиши жана 2027-2028-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесинин 3- бөлүмүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Нарзан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Нарзан айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин аткарылышы бекитилсин: кирешелер боюнча 281 146,3 миң сом суммасында, анын ичинде атайын эсеп бонча -15 153,8 миң сом,чыгашалар боюнча – 278 344,8 миң сом,анын ичинде атайын эсеп боюнча – 15 458,8 миң сом. Жыл ичинде өзгөртүүлөр боюнча : 6 айдын жыйынтыгы менен – 11 300,0 миң сом, 9 айдын жыйынтыгы менен – 6020,0 миң сом , “Нарзан жылуулук” муниципалдык ишканасына субсидия – 78 131,8 миң сом , айыл чарба багытындагы жер салыгы боюнча – 2 456,1 миң сом, автотранспорт салыгы боюнча – 6 726,3 миң сом, жыл жыйынтыгы боюнча өзгөрүү – 16 199,2 миң сом, электроэнергияны үчүн төлөмгө ассигнованияларды жылдырууга -1 107,6 миң сом, “Мектепке чейинки жана мектеп мекемелери тарабынан кошумча кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн төлөмдөрдүн” планын кыскартуу – 3 800,0 миң сом,айлык акы боюнча багыттуу трансферт – 569,5 миң сом, коопсуз шаар боюнча багыттуу трансферт – 4,8 миң сом,
2. Нарзан айыл өкмөтү тарабынан каралган 2026-жылга бюджети бекитилсин: кирешелер боюнча – 203 996,5 миң сом,чыгашалар боюнча – 203 996,5 миң сом, анын ичинде атайын каражаты- 15 777,0 миң сом.
3. Нарзан айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү №1- тиркемеге ылайык кирешелердин булактары боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.
4. 2027-жылга бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын болжолу 228 363,8 миң сом ,анын ичинде атайын каражаты 15 777,0 миң сом , 2028 - жылга 255 006,8 миң сом , анын ичинде атайын каражат 15 777,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Нарзан айыл өкмөтүнүн 2026-жылга 203 996,5 миң сом суммасында чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде ,ал эми биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фонд,так- аш азыктры,дары-дармек каражаттары, социалдык жөлөк пулдар жана төлөмдөр) аткарыла тургандыгы №2- тиркемеге ылайык белгиленсин.
6. Нарзан айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 2026- жылга карата штаттык бирдик боюнча эмгек акылары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024 – жылы 7- февралдагы № 52 токтому менен бекитилген КТП,ТТП эске алуу менен 18 адам өлчөмүндө белгиленсин,(Т-№3)
7. Беловодск айылдык кеңешинин төрагасынын жана катчысынын эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020 –жылдагы №64 токтому менен бекитилген штаттык бирдикке ылайык төлөнсүн,(Т-№4)
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү 1-4 тиркемелери)
8. Нарзан айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылануучу бюджеттик мекемелерге 2026 –жылга чыгымдардын сметасын берүү жагы милдеттендирилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109- беренесинин 1-пнктуна ылайык 2025- жылы Нарзанайыл өкмөтүнө төмөнкүлөр укук берилсин:
-чыгашалардын экономикалык классификациясынын статьяларынын ортосунда бюджеттик каражаттардын жалпы ассигнованиелеринин чегинде каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө
10. Бөлүмдөр боюнча чыгымдар:
- “Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар” – 23 811,1 миң сом, анын ичинде 3 689,1 миң сом – резервдик фонд,
- “Айылдык кеңеш” – 1 880,3 миң сом ,
- “Граждандык коргонуу” – 668,8 миң сом,
- “Айыл чарбасы”– 1 200,0 миң сом,
- “Жайыт комитети “ – 566,5 миң сом,
- “ Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” – 40000,0 миң сом,
- “Турак – жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” – 47 951,9 м.с.
- “Китепканалар” – 581,0 миң сом ,
- “Клубдар” – 6 54,9 миң сом,
- “Маданият боюнча иш -чаралар” – 2 550,0 миң сом,
- “ Басылмалар жана редакциялар” – 3 000,0 миң сом ,
- “Башка категорияларга таандык кылынбаган эс алуу, СМД” – 1 441,5 м.с.
- “Мектепке чейинки билим берүү” – 17 822,6 миң сом ,
- “Орто билим берүү” – 34 050,9 миң сом,
- “Социалдык коргоо” – 5740,0 миң сом,
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин 01.08.2022- жылдагы №266 жарлыгынын 4 - бөлүмүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын 04.08.2004 – ж. Эмгек кодексинин 151-беренесине ылайык ,жумуштун татаалдыгы жана чоң көлөмү үчүн ай сайынайлык акыга (7040*2,5, ээлеген кызматтарына жараша) өлчөмүндө кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылсын.
12. Министрлер Кабинетинин 1- август 2022- жылдын №433 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн тейлөөчү кызматкерлерине ай сайын айлык акыга ТТК га (7040*1,5) , КТК (7040*0,7) өлчөмүндө эмгек акысы жогорулатылсын.
13. Зарылчылыкка байланыштуу обьекттерди “курулуш” же “реконструкциялоо” ремонтторун жүргүзүүдө техникалык көзөмөлчү кызматы каралсын.
14. Зарылчылыкка байланыштуу Нарзан айыл өкмөтүнө от жагуучу кызматына 1 штаттык бирдик, Ак- Суу айылындагы китепканага 1 штаттык бирдиги 7040 сом айына айлык маяна каралсын,салыктарын эсептегенде.
15. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 30-апрелиндеги №240 токтумунун 2-б.3- тиркемеге ылайык айыл өкмөтүнө 1 бирдик нөөмөтчү автоунаасы калкты тейлөө үчүн бекитилсин жана айына бюджеттен 300 литр күйүүчү май менен камсыз кылынсын.
16. Зарылчылыкка байланыштуу Кош – Дөбө айылындагы клубга 0,5 штаттык бирдик клуб башчысына, 1 штаттык бирдик техничка,2 штаттык бирдиги кароолчулар, 0,5 ставкасы менен чыгармачылык жетекчи , “Кызыл Октябрь” клубуна 1 штаттык бирдик клуб башчысына , 2 штаттык бирдиги кароолчулар , 1 штаттык бирдик техничка , Ак -Су айылындагы клубга 0,5 штаттык бирдиги менен 2 кароолчу белгиленсин. Ак- Суу айылындагы 2 китепканага 2 штаттык бирдиги менен китепканачылар белгиленсин .Эмгек акылары штаттык негизде .
17. Сметалык документтерди даярдоого, текшерүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү аткаруучуга түзүлгөн сметалардын 1% га чейинки өлчөмүндө жүргүзүлсүн.
18. Чарбалык китепчелердеги жазууларды тактоо үчүн малды,үй канаттууларын кайра эсептөө үчүн ар бир үйгө 40 (кырк) сомдон төлөм жүргүзүлсүн.
19. Аппарат кызматкерлерин окууга жиберүүгө каражат каралсын (мамлекеттик сатып алуулар үчүн ж.б.)
20. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан 2025- жылга бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы белгиленген мыйзамдуу тартипте каралсын.
21. Ушул токтом тиркемеси менен Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
22. Жооптуу катчы бул токтомду каттап, тиркемелери менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
23. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
24. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын у.м.а |
| А.Т. Урманбетов |