Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 47 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (мындан ары - УИА) уставына ылайык иштелип чыкты жана УИАнын мүчөлөрүн шайлоо тартибин жана шарттарын жөнгө салат.
2. УИАнын мүчөлөрү болуп УИАнын академиктери, корреспондент мүчөлөрү жана чет өлкөлүк мүчөлөрү саналат.
3. УИАнын мүчөлөрү өмүрүнүн аягына чейин шайланат.
4. Академиктер болуп илимий мектеби бар, илимий-изилдөө иши менен кесипкөй алектенген, илимди көрүнүктүү илимий эмгектер менен байыткан УИАнын корреспондент мүчөлөрү шайланат.
5. УИАнын корреспондент мүчөлөрү болуп илимий мектеби, илимдин доктору окумуштуулук даражасы жана профессор окумуштуулук наамы бар, илимий-изилдөө иши менен кесипкөй алектенген, илимди ири илимий эмгектер менен байыткан окумуштуулар шайланат.
6. УИАнын чет өлкөлүк мүчөлөрү болуп дүйнөлүк жана улуттук илимге жана маданиятка кошкон салымы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын окумуштууларын жана адистерин даярдоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн чет өлкөлүк окумуштуулар жана илимдин жана маданияттын көрүнүктүү инсандары шайланат.
7. УИАнын академиктеринин жана корреспондент мүчөлөрүнүн жалпы саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
8. УИАнын чет өлкөлүк мүчөлөрүнүн жалпы саны УИАнын президиуму тарабынан аныкталат.
9. УИАнын мүчөлөрүн шайлоо УИАнын жалпы чогулушунун сессияларында илимий коомчулуктун ачык-айкындуулугу жана маалымдуулугу шарттарында ачык өткөрүлөт.
2-глава. УИАнын мүчөлөрүн шайлоонун тартиби жана шарттары
10. Бош орундар болгон учурда УИАнын мүчөлөрүн шайлоо УИАнын жогорку органы - УИАнын жалпы чогулушу тарабынан төрт жылда бир жолудан кем эмес жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт, добуш берүүгө УИАнын мүчөлөрү гана (УИАнын чет өлкөлүк мүчөлөрүн кошпогондо) катышат.
11. Чет өлкөлүк мүчөлөрдү шайлоо УИАнын кезектеги жана кезексиз жалпы чогулуштарында УИАнын жалпы чогулушуна катышкандардын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен өткөрүлөт.
12. УИАнын президиуму тарабынан ачылган бош орундарга УИАнын мүчөлүгүнө чет өлкөлүк талапкерлер илимий-изилдөө мекемелеринин жана башка мекемелердин жалпы чогулуштарында көрсөтүлөт.
13. УИАнын президиуму УИАнын бөлүмчөлөрүнүн, илимий мекемелеринин, мамлекеттик тармактык илимий мекемелердин, жогорку окуу жайлардын сунуштарын эске алуу менен УИАнын мүчөлөрүн шайлоону өткөрүү убактысын, адистиктердин аталыштарын, ар бир адистик боюнча бош орундардын санын белгилейт.
14. УИАнын президиуму адистиктер боюнча бош орундарды бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана шайлоо жөнүндө кулактандырууну республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарына ("Эркин-Тоо" гезити) жана УИАнын расмий сайтына шайлоону өткөрүү датасына чейин 1 айдан кечиктирбестен жарыялайт.
15. Шайлоо жөнүндө кулактандыруу жарыялангандан кийин адистиктердин аталыштарын жана бош орундардын санын өзгөртүүгө жол берилбейт.
16. УИАнын академигине жана корреспондент мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү укугу УИАнын академиктерине, ошондой эле мамлекеттик илимий мекемелерге, жогорку окуу жайларына берилет.
17. Талапкерлерди көрсөтүү окумуштуулар кеңешинин жыйналыштарында жүргүзүлөт.
18. Көрсөтүүгө төмөнкү документтер тиркелет:
- талапкердин арызы;
- Окумуштуулар кеңешинин чечими (жогорку окуу жайлар жана мамлекеттик илимий мекемелер тарабынан көрсөтүлгөндө);
- өмүр баяны жана илимий басылмалардын тизмеси;
- илимий иштин мүнөздөмөсү;
- паспорттун, дипломдордун жана сыйлыктардын көчүрмөлөрү;
- УИАнын мүчөлөрүнөн же илимий мекемелердин өкүлдөрүнөн сунуштамалар (экиден кем эмес).
19. УИАнын мүчөлөрүн шайлоого катышуу үчүн талаптарга ылайык келген документтер УИАнын президентинин буйругу менен түзүлгөн кабыл алуу комиссиясы тарабынан шайлоону өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып он календардык күндүн ичинде кабыл алынат.
20. УИАнын академигине жана корреспондент мүчөлүгүнө талапкерлер бир гана адистик боюнча катталып, шайлоого катыша алат.
21. УИАнын мүчөлүгүнө катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтар УИАнын расмий сайтында шайлоого эки жума калгандан кечиктирбестен жарыяланат.
22. УИАнын президиуму УИАга шайлоо өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыялангандан кийин үч күндүк мөөнөттө УИАнын академиктеринин, корреспондент мүчөлөрүнүн ичинен эксперттик комиссия түзөт.
23. Катталган талапкерлер жөнүндө материалдар кабыл алуу комиссиясы тарабынан УИАнын эксперттик комиссиясына жөнөтүлөт.
24. УИАнын эксперттик комиссиясы эки жумалык мөөнөттө берилген материалдарды карап чыгат, ар бир талапкер боюнча төмөнкүдөй критерийлерге ылайыктуулугу боюнча корутунду берет:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы;
2) академиялык наам/илимий наам жана илимий даража:
- академикке талапкерлер: билдирилген адистик боюнча УИАнын корреспондент мүчөсү;
- корреспондент мүчөлүгүнө талапкерлер: билдирилген адистик боюнча илимдин доктору, профессор;
3) илимий мектептин болушу:
- академикке талапкерлер:
социалдык-гуманитардык, медициналык жана айыл чарба багыттары боюнча 9дан кем эмес жогорку квалификациялуу илимий, илимий-педагогикалык кадрлар;
техникалык жана табигый-илимий багыттар боюнча 5тен кем эмес жогорку квалификациялуу илимий, илимий-педагогикалык кадрлар;
- корреспондент мүчөлүгүнө талапкерлер:
социалдык-гуманитардык, медициналык жана айыл чарба багыттары боюнча 5тен кем эмес жогорку квалификациялуу илимий, илимий-педагогикалык кадрлар;
техникалык жана табигый-илимий багыттар боюнча 5тен кем эмес жогорку квалификациялуу илимий, илимий-педагогикалык кадрлар;
4) басылмалардын болушу:
а) билдирилген адистик боюнча академикке талапкерлер үчүн - 5тен кем эмес жана корреспондент мүчөлүгүнө талапкерлер үчүн - 3төн кем эмес монографиялардын жана/же окуу китептердин;
б) билдирилген адистик боюнча илимий макалалардын болушу:
- академикке талапкерлер үчүн: 150дөн кем эмес, алардын ичинен 5тен кем эмес макала Web of Science, Scopus же РИНЦ ядросунда индексацияланган журналдарда жана 50дөн кем эмес макала РИНЦ базасында жарыяланууга тийиш;
- корреспондент мүчөлүгүнө талапкерлер үчүн: 75тен кем эмес, алардын ичинен 3төн кем эмес макала Web of Science, Scopus же РИНЦ ядросунда индексацияланган журналдарда жана 25тен кем эмес макала РИНЦ базасында жарыяланууга тийиш;
5) илимий цитаталоо индексинин (Хирш индекси) академиктер үчүн 5тен кем эмес, корреспондент мүчө үчүн 3төн кем эмес болушу.
25. Эксперттик комиссиянын корутундусун эске алуу менен УИАнын президиуму УИАнын мүчөлүгүнө шайлоого катышууга уруксат берүү же уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө жана УИАнын жалпы чогулушунун күн тартибине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
26. УИАнын академиктери жана корреспондент мүчөлөрү келип түшкөн документтер жана УИАнын мүчөлүгүнө талапкерлер жөнүндө УИАнын эксперттик комиссиясынын корутундулары менен таанышууга укуктуу.
27. УИАнын жалпы чогулушу УИАнын жалпы чогулушунун мүчөлөрүнүн жарымынан көбү жеке катышканда укуктуу болот.
28. УИАнын кадрлар менен иштөө бөлүмү тарабынан УИАнын жалпы чогулушунун азыркы учурдагы тизмелик курамы түзүлөт, күбөлөндүрүлөт жана УИАнын президиумуна берилет.
29. УИАнын жалпы чогулушунун тизмелик курамына шайлоону өткөрүү учурунда чет өлкөлөрдө иш сапарларда жүргөн, республикадан сырткары жашаган УИАнын мүчөлөрү киргизилбейт.
30. УИАнын мүчөлөрүн шайлоо бардык адистиктер боюнча бир эле убакта жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт.
31. Жарыяланган ар бир адистик боюнча бир гана талапкер шайлана алат.
32. Академиктерди шайлоо УИАнын корреспондент мүчөлөрүн шайлоого чейин өткөрүлөт.
33. УИАнын мүчөлөрүн шайлоо төмөнкүдөй тартипте өткөрүлөт:
а) УИАнын академиктеринин жана корреспондент мүчөсүнүн ичинен эсептөө комиссиясы шайланат;
б) УИАнын жалпы чогулушунун төрагасы конкурска катышууга жол берилген талапкерлердин тизмесин жарыялайт;
в) ар бир талапкер боюнча өзүнчө добуш берүү өткөрүлөт;
г) жашыруун добуш берүү үчүн талапкерлердин фамилиялары бар бюллетендер атайын ведомостко бюллетенди алуу жөнүндө кол койдуруу менен таркатылат;
д) бюллетенде талапкердин фамилиясынын тушунда эки сөз басылат: "шайлансын" жана "четке кагылсын";
е) эсептөө комиссиясы добуштарды саноону жүргүзөт жана натыйжалар УИАнын жалпы чогулушунда жарыяланат.
34. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдү көргөзүү менен протокол түзүлөт:
- добуш берүүчүлөрдүн саны;
- ар бир талапкер боюнча "макул", "каршы" жана "калыс" деген добуштардын саны;
- талапкерди шайланган же шайланбаган деп таануу жөнүндө чечим.
35. УИАнын мүчөлөрүн шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын протоколдору УИАнын жалпы чогулушунда бекитилет.
36. Академиктерди шайлоодо добуш берүүгө катышкан УИА академиктеринин үчтөн экисинен кем эмес добуш алган адамдар шайланды деп эсептелет.
УИАнын корреспондент мүчөлөрүн шайлоодо добуш берүүгө катышкан УИА академиктеринин жана корреспондент мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес добуш алган адамдар шайланды деп эсептелет.
37. Эгерде шайлоонун жыйынтыгында жарыяланган адистиктер боюнча айрым бош орундар толбой калса, анда бул бош орундар УИАнын мүчөлүгүнө кийинки шайлоого чейин ошол бойдон калат.
38. Бош орундарга кайталап көрсөтүү эки жылдан эрте эмес болушу мүмкүн.
39. Шайлоону өткөрүүдө аудио жана видео жазуу жүргүзүлөт.
40. УИАнын жалпы чогулушунун жана эсептөө комиссияларынын протоколдору УИАнын президиумунда туруктуу негизде сакталат.
41. Шайлоонун жыйынтыктары расмий басылмада - "Эркин Тоо" гезитинде жана УИАнын расмий сайтына жарыяланат.
3-глава. Корутунду жоболор
42. Бул Жобого ылайык шайланган УИАнын академиктери жана корреспондент мүчөлөрү УИАнын мүчөлөрүнүн белгиленген бардык укуктарынан пайдаланат.
43. УИАнын шайланган мүчөлөрү - чет мамлекеттердин жарандары, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткендердей эле, УИАнын мүчөлөрү УИАнын жетекчи кызматтарын ээлөө жана академиялык наамы үчүн стипендия алуу укугунан тышкары УИАнын башка мүчөлөрү сыяктуу эле укуктарга ээ.
44. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо УИАнын мүчөлөрү УИАнын чет өлкөлүк мүчөлөрүнүн статусуна ээ болот.
45. УИАнын шайланган мүчөлөрүнө диплом жана күбөлүк берилет, анын үлгүлөрү УИАнын президиуму тарабынан белгиленет.
46. Шайлоонун натыйжалары менен макул болбогон учурда талапкер бир жумалык мөөнөттө УИАнын президентине даттануу менен кайрылууга укуктуу, ал УИАнын мүчөлөрүнүн ичинен түзүлгөн апелляциялык комиссия тарабынан каралат.
47. Апелляциялык комиссиянын чечими УИАнын президиумуна бекитүүгө киргизилет жана ал бекитилгенден кийин акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.