Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
4-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 26-майы № 45
Токтомду жокко чыгаруу жөнүндө
Манас районунун прокурору С.Акылбек уулунун 2025-жылдын 23-майындагы №25/167-07-11/6-00243 сандуу каршылык билдирүү прокурордук чара көрүү актысынын Семетей айылдык кеңеши угуп,талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктунун негизинде, 2025-жылдын 30-январындагы №23 токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |