Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-сентябры № 36/V1-28
Ак-Кудук айылынын окуучуларын мектепке ташуу боюнча маршруттук автобустун кызмат акысын төлөп берүү жөнүндө
Ак-Кудук айылдык кеңешинин сессиясында Ак-Кудук айылынын окуучуларын Хунчи айылындагы орто мектепке чейин ташуу боюнча маршруттук автобустун акысын төлөп берүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 14-т “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндөгү” тескемесинин "Мектеп автобусу" окуучуларды ташуу системасын түзүү жана ишке киргизүү” пунктун жетекке алып айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айылынын окуучу балдарын Хунчи айылына чейин ташып келүү үчүн автобустун кызмат акысына ай сайын 12500 миң сомдон каражат айдоочуга төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы боюнча айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Кудук айылдык кеңешинин төрагасы |
Кенжебек уулу А |