Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-сентябры № 37/V1-28
Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин сессиясында айыл аймагындагы кары адамдарды карылар күнүнө, орто мектептердеги жана балдар бакчасындагы мугалимдерди мугалимдер күнүнө карата,аймактагы ден соолугунун мүмкүнчулүгү чектелген жарандарды 3-декабрь Эл аралык майыптар жана аймактагы мекеме-уюмдарды жаңы жыл майрамы менен куттуктоо иш чараларына каржы каражатын бөлүштүрүү боюнча маселени карап чыгып Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Эл аралык карылар күнүнө карата айыл аймагындагы 70 жаштан жогору адамдардын ар бирине 1000 сомдон каражат бөлүнсүн.
2. Айыл аймагындагы орто мектептердин жана балдар бакчаларынын мугалим,тарбиячыларына ар бирине 500 сомдон каражат бөлүнсүн.
3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга,18 жашка чейинки майып балдар,1-11- группадагы майыптарга ар бирине 1000 сомдон каражат бөлүнсүн.
4. Жаңы жыл майрамына карата айыл аймагындагы мекеме-уюмдарда өткөрүлүүчү иш чараларга каражат бөлүнсүн.
Ак-Кудук айылдык кеңешинин төрагасы |
Кенжебек уулу А |