Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-сентябры № 38/V1-28
“Ак-Тилек-унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун аймагынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына жер тилкесин берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин сессиясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы №629-т тескемесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2024-жылдын 30-майындагы №01-16/2134 сандуу жер тилкесин сурап кайрылган катына ылайык жер Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан “Ак-Тилек-унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун аймагынан жердин “башкалар” түрүндөгү №131- контурда дренаждардын үстүндөгү 0,60 га жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселеси боюнча айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Кудук айылдык кеңешинин төрагасы |
Кенжебек уулу А |