Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-сентябры № 39/V1-28
НТЦ “Апполон” жоопкерчилиги чектелген коомуна топуркты иштетүү боюнча бөлүнүп берилген жер тилкесине ижара акысын бекитүү жөнүндө
НТЦ “Апполон” жоопкерчилиги чектелген коомго Ак-Кудук айыл аймагынан топурак иштетүү үчүн бөлүнүп берилген жер тилкесин, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна берилген 3089 ТЕ лицензиясынын /баштапкы берилген убактысы 2011-жылдын 14-декабры,узартылган мөөнөтү 2021-жылдын 14-декабрынан 2031-жылдын 14-декабрына чейин /, Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан берилген жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна В №041863 сериялуу күбөлүктүн негизинде ээлик кылып пайдаланып жүргөн №581-контурда жайгашкан 8,8 га “башкалар” түрүндөгү жер тилкесинин ижара акысын бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. НТЦ “Апполон” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан колдонулуп аткан Ак-Кудук айыл аймагындагы № 581- контурунда жайгашкан 8,8 га “ башкалар” түрүндөгү жер тилкесинин ижара акысы жылына ар бир гектарга 20 миң сомдон бекитилсин.
2. Ижара келишими Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү бөлүмү тарабынан иштелип чыгып түзүлсүн.
3. НТЦ “Апполон” жоопкерчилиги чектелген коомуна пайдаланууга берилген жер аянттарында санитардык жана экологиялык эрежелерди сактоо менен төлөмдөрдү өз мөөнөтүндө төлөп туруу жагы эскертилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Кудук айылдык кеңешинин төрагасы |
Кенжебек уулу А |