Редакцияот 27.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын

5-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 27-июну № 50

 

Желмаян жөнүндө

Манас районунун өнүктүрүү фондусунан Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтүнө желмаян (электромобиль) алуу жөнүндөгү Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловдун сунушун айылдык кеңеш угуп, талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чарба иштерине көмөк көрсөтүү максатында, Манас районунун өнүктүрүү фондусунан желмаян (электромобиль) алууга макулдук берилсин.

2. Иш алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы З.Шабданбековага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов