Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 04-февралы № 06
01.01.2026-ж. карата бош калдыкты бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78 – беренесинин 3 – бөлүмүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Мыйзамынын 34 жана 35 беренелерин жетекчиликке алып ,Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба, инвестициялар,ишкердик ишжана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап , Нарзан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 01.01.2025-ж. карата 1652,3 миң сом өлчөмүндө бош калдыкты төмөнкү бөлүмгө жана беренеге жиберилсин:
Бөлүм | Берененин аталышы | Берененин коду | 2026- ж.бекитилген смета | Квартал Бөлүү |
70629 “Башка ТЖ жана ККК” | Башка транспорт алуу | 31121290 | 1 652 300 | 1 кв. |
2. Кассалык накталай акча 650,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ушул токтом Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Жооптуу катчы бул токтомду каттап,Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын у.м.а |
| А.Т. Урманбетов |