Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
6-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 15-августу № 53
Семетей айыл аймагында жер, мүлк, салыгынын ченин жана зоналдык коэффициентин киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февраль айындагы №37 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык Салык кодексине “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин колдонууга киргизүу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде угуп, талкуулап айылдык кеңеш;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл өкмөтүнүн аймагына 2026-жылдын 1-январь айынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.
2. Мүлк салыгын эсептөө Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде турак жай үчүн 1,5 чени (ставка) менен жүргүзүлсүн.
3. Семетей айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыктарын эсептөө үчүн КЗ-зоналдык коэффициенти 1,5 болуп бекитилсин.
4. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн айылдык кеңештин жооптуу катчысы (А.Сарыбаева) жөнөтүлсүн.
5. Иш алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы З.Шабданбековага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |