Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
6-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 15-августу № 56
Спорт залга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Семетей айылынын М.Кояшев көчөсүнүн батыш жагындагы административдик имарат, күрөш залына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Семетей айылынын тургуну Р.Бечеловдун кайрылуусун айылдык кеңеш карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин негизинде;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айылынын М.Кояшев көчөсүнүн батыш жагындагы административдик имарат, күрөш залына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Р.Бечеловдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Семетей айылынын М.Кояшев көчөсүнүн батыш жагындагы административдик имарат, күрөш залынын сырткы дубалын (стена) оңдоп-түзөөгө жана балдар ойноочу аянтчасын куруп, спортчуларга шарт түзүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен
2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. Иш алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы З.Шабданбековага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |