Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
6-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 15-августу № 58
Таштанды тарифин бекитүү жөнүндө
Семетей муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Узенбековдун Семетей айыл аймагына караштуу мамлекеттик ишканалардын таштанды (ТБО) тарифин бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктун негизинде;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагына караштуу мамлекеттик ишканалардын таштандыларын (ТБО) чыгаруу боюнча ар бир кызматкерге ай сайын 30 сомдон тарифи бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго жана иш алып баруу жагы “Семетей” МИ жетекчиси К.Узенбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |