СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
6-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 15-августу № 59
“Семетей” МИ жетекчиси К.Узенбековдун кайрылуусу жөнүндө
“Семетей” МИ жетекчиси К.Узенбековдун Семетей муниципалдык ишканасына караштуу техникаларын токтотуучу жай салуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин негизинде;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Семетей” МИ жетекчиси К.Узенбековдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Семетей айылынын К.Жаманкулов №79 көчөсүндө жайгашкан Семетей айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине тийешелүү эскилиги жеткен имарат, коммуналдык чарбанын абалын жакшыртып, “Семетей” МИна караштуу техникаларын токтотуучу жай кылып оңдоп-түзөө иштерине 678 300 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Иш алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы З.Шабданбековага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |